Difference between revisions of "АЛ-КАИДА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

21:31, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

(ар. ‒ негиз, өзөк) ‒ эл аралык исламчыл террордук уюм. 1988-ж. Сауд Аравиясынан чыккан Усама Бен Ладен тарабынан түзүлгөн. А.-К-нын максаты ‒ мусулман өлкөлөрүн жарандык өкмөттөрдөн куткаруу ж-а ислам мамлекеттерин түзүү, мусулмандардын душмандары деп эсептешкен өлкөлөргө (АКШ, Израиль ж. б.) каршы согуш жүргүзүү (жихад), дүйнөдөгү бардык исламчыл согуштук уюмдарга колдоо көргөзүү. А.-К-нын өзөгүн 1979—89-ж. СССРге каршы күрөшкөн Афганистандагы араб ыктыярдуулары (моджахеддер) түзгөн. Алардын аракеттери Бен Ладен тарабынан каржыланып турган ж-а көпчүлүгү Сомали, Тоолуу Карабах (армян-азербайжан чатагы), Босния, Косово, Тажикстан, Чеченстандагы (Хаттаб жетектеген можахеттер) ж. б. согуштук окуяларга катышышкан. 1990-ж. А.-К. уюму «Афган жихадынын энциклопедиясын» басып чыгарып, анда террордук аракеттерди жүргүзүү тактикасы, жардыруучу куралдарды жасоо ж-а пайдалануу ыкмалары камтылган. 1997-ж. АКШнын Борбордук Чалгындоо Кызматы Бен

Ладенди «1 террорчу» деп жарыялаган. Бен Ладен Афганистандагы талибдер көзөмөлдөгөн аймактарда жашырынып жүргөн ж-а «Талибан» кыймылы аны Америкага берүүдөн баш тарткандан кийин, АКШ Афганистандагы антитеррордук компаниясын баштаган. Анын жүрүшүндө А.-К-нын жетекчилеринин көпчүлүгү жок кылынган, бирок Бен Ладен кармалган эмес. 1998-ж. А.-К. уюму Найробидеги (Кения), Дар-Эс-Саламдагы (Танзания) АКШнын элчиликте риндеги жардырууларды (300гө жакын киши өлүп, 5 миӊге жакыны жарадар болгон) уюштургандыгын билдирди. Тунисте, Йеменде, Кувейтте, Индонезияда, Кенияда, Сауд Аравиясында, Испанияда, Түркияда ж. б. өлкөлөрдө А.-К-нын мүчөлөрү уюштурган террордук актылардан жүздөгөн адамдар курман болду. 1998-ж. А.-К. «Иудейлерге ж-а кресттүүлөргө каршы бүткүл дүйнөлүк ислам фронтунун» түзүлгөндүгүн жарыялады. 11. 9. 2001-ж. террорчулардын Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборуна ж-а Вашингтондогу Пентагондун имараттарына жасаган авиа чабуулунан 3 миӊ киши курман болуп, бир нече миӊ адам жарадар болду.