Difference between revisions of "АЛИ МУХАММЕД"
228-323>KadyrM |
м (1 revision imported) |
(Айырма жок)
|
21:31, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы
, өзүнүн чыныгы аты-жөнү К а с с и у с К л е й (17.1.1942-ж.т., Кентукки штаты, Луисвилл) ‒ америкалык спортчу, дүйнөлүк спорттун тарыхындагы эӊ мыкты боксчу, жарым оор салмактагы олимпиялык чемпион (1960). 1959-ж. «Алтын мээлей» мелдешин утуп, АКШ спорт союзунун бокс сүйүүчүлөрүнүн чемпиону, 1960-жылдан профессионалдык бокска өтүп, 1964-ж. дүйнөнүн абс. чемпиону болгон. «Кара мусульмандар» уюмуна кирип, аты-жөнүн өзгөрткөн. Армияга ж-а Вьетнам согушуна барбагандыгы үчүн чемпиондуктан ажырап, 5 жылга камакка алынып ж-а 10 миӊ доллар
айып тарткан. 1971-ж. рингге кайтып келип, Д. Фрезер м-н мелдеште упай б-ча утулуп калган. 1974-ж. Фрезерди ж-а Дж. Форманды жеӊип, кайрадан чемпион болгон. Профессионал дык бокста (1961‒81) 61 жолу мушташып, 56 жеӊишке ээ, 5 жеӊилүүг ө дуушар болгон. «Величайший. История моей жизни» китебинин автору (1975). «Величайший» фильмине тартылган (1977).