Difference between revisions of "«АЛГА» футбол командасы"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

21:30, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

‒ Бишкектик футбол командасы. 1955-ж. «Спартак» ыктыярдуу спорт коомунун респ. жыйынында «Спартак» деген ат м-н түзүлгөн. 1960‒94-ж. «А.» деп аталган. 1956‒63-ж. СССРдин футбол б-ча биринчилиги үчүн «Б.» классындагы командалар арасында ойногон. 1963-жылдан «А.» классынын 2-лигасын да ойнойт. 1970, 1973, 1975-ж. ж-а 1979-ж. «А.»

классынын 1-лигасында ойногон. Команданын көпчүлүк футболчулары спорт чеберлери наамына ээ болушкан. Чет өлкөлүк улуттук ж-а клубдук командалар м-н 30дан ашуун эл аралык ж-а жолдоштук беттешүү өткөргөн. «А.» үчүн жаш спортчулар «Жаштык» (1981) команда сында даярдалат. 1982-жылдан «Алга» спорт коомунун респ. советинин карамагына кирген. «А.» командасында СССР спорт чеберлери Н. Емцов, Ю. Мусаев, Г. Мерзликин, Д. Бибаев, З.Султанов, Б.Стрельцов, М. Тягусов, Г.Шевченко, П. Шубин, В. Фомин ж. б. футболчулар болгон.