Difference between revisions of "АЛБАНДАР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

21:30, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

(өздөрүн шкиптар, шчиптар деп аташат) ‒ Албаниянын негизги калкы болгон Балкан эли. Косово, Түн. Македония, Сербия ж. б. өлкөлөрдүн түн.-батыш аймактарында жашашат. Жалпы саны 6,5 млндой киши, а. и. 2 312 356сы Албанияда (2011). 

Албан тилинде сүйлөшөт. Балкан жарым а-нда жашаган байыркы элдерден. Кээ бир окумуштуулар А-дын этностук негизин иллириялыктар дешсе, айрымдары фракиялыктар деп эсептешкен. Римдин Иллирияны каратып алышы (б. з. ч. 2-к., б. з. 4-к.), Византия империясынын, славян мамлекетте ринин үстөмдүгү А-дын тилине ж-а мад-тына таасирин тийгизген. 15-к-дын аягынан 1912-ж. чейинки Осмон империясынын бийлиги А-да эмиграцияны күчөтүп, анын тарыхый өнүгүшүнө тоскоол кылган. Түрктөрдүн кысымы м-н ислам динине өтүшкөн (17‒18-к.). 1912-ж. түрктөргө каршы улуттук-боштондук күрөшүнүн натыйжасында Албания көз каранды эмес мамлекет катары жарыяланган. Кийинки 1939‒44-ж. итал. ж-а германиялык баскынчыларга каршы күрөш да А-дын улут катары биригүү процессин күчөтүп, аларда улуттук аӊ-сезимдин өсүшүнө чоӊ таасир тийгизген. А. негизинен дыйканчылык, мал чарбачылык м-н кесип кылышып, таш м-н салынган эки кабаттуу үйлөрдө жашашат. Эркектер улуттук кийим катары «фустанелла» (18-к), «тирчи» (19-к.) деп аталган көйнөк, жилет, жүндөн же тыбыттан жасалган баш кийим, аялдары саймаланган алжапкыч кийишип, күмүштөн жасалган кооздуктарды тагынышкан. Тамак-ашы негизинен жүгөрү ж-а буудай наны, эт, сүт азыктары.