Difference between revisions of "«АЛА-ТОО» АЯНТЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

21:30, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

‒ шаардын башкы салтанат аянты. А. Орозбеков ‒ А. С. Пушкин ‒ И. Раззаков ‒ Киев көчөлөрү м-н чектешет. Аянт аркылуу шаардагы ири көчөлөрдүн бири Чүй проспекти өтөт. Аянттын курулушу 1984-ж. Кыргыз ССРинин ж-а Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгынын урматына бүткөрүлүп, анда 14-
Ала-Тоо аянты.

октябрда шаар эмгекчилеринин юбилейлик майрамдык демонстрациясы өткөн. Аянттын арх-лык композициясынын өзөгүн «Эркиндик» монументи (2003, скульптору Т. Садыков) түзөт. Эстеликтин түбүнө өкмөттүк трибуна орнотулган. Чүй проспекти м-н Киев көчөсүнүн ортосун да бири бирине симметриялуу жайгашкан 4фонтандын аралыгына концерт, салтанаттуу чогулуш ж. б. иш-чаралар өткөрүлүүчү чатыр-сахна курулуп, ал чыгышынан ж-а батышынан аркадалуу имараттар, түштүгүнөн Киев көчөсүнө туташуучу тепкичтер м-н курчалган. Бул арх-ралык ансамблге Кыргыз мамлекеттик тарых музейинин имараты (1985), «Достук үйү», «Достук» монументи (1974), мамл. туунун флагштогу кирет. Аянттын арх-лык композициясынын авторлору: арх. Г. П. Кутателадзе, И. Д. Кадырбеков, В. В. Лызенко, Н. Н. Уллас, А. Т.Горемыкин, А. М. Нежурин, Ю. А. Чубаров, И. К. Камбарбаев, И. И. Лихтеров.