Difference between revisions of "АЛА-МЫШЫК КӨРҮСТӨНҮ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

21:30, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

‒ б. з. ч. 1-миӊ жылда ‒ б. з. 13‒14-к-на мүнөздүү археол. эстелик. Нарын ш-нан 6км батыш тарапта, Нарын д-нын оӊ өйүзүндө, Ала-Мышык тоосунун этегинде жайгашкан. 125тен ашуун таш дөбө-мүрзөдөн турат. Көрүстөндөгү адамдын сөөктөрү топурак ж-а казанактуу көрлөргө коюлган. Сөөктү көмөр алдында көрдүн ичи өрттөлүп, андан кийин маркум жаткырылган көрүстөн өзгөчө кызыгууну туудурат. Көрүстөндүн үстү жагынан 40 см тереӊдикте үзөӊгү, ооздук, темир того көмүлгөн атайын чуӊкурча табылган. Маркум

ду көмүүдө отту колдонуу ж-а көрүстөндүн бир жерине чуӊкурча казып, буюм жашыруу енисейлик кыргыздарга мүнөздүү салт. Окумуштуулардын пикири б-ча енисейлик ж-а теӊиртоолук кыргыздардын маркумду көмүү салтындагы айрым элементтеринин окшоштугу алардын этномаданий жалпылыгынан кабар берет. Байыркы түрк дооруна таандык балбал таштар ж-а алар орнотулуучу төрт чарчы таш коргончолор бар. А. к-н 1945‒49-ж. А. Н. Бернштам , 1954-ж. А. К. Кибиров , 1989-ж. К. Ш. Табалдиев ж-а Ю. С. Худяковдор изилдешкен.

К. Табалдиев.