Difference between revisions of "АГРОКЛИМАТОЛОГИЯ"
Jump to navigation
Jump to search
м (Kadyrm moved page АГРОКЛИМАТОЛ ОГИЯ to АГРОКЛИМАТОЛОГИЯ without leaving a redirect) |
|
(Айырма жок)
|
18:50, 29 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы
АГРОКЛИМАТАЛО́ГИЯ (агро..., жана гр. klima ‒ климат, logos ‒ илим), а й ы л ч а р б а к л и м а т о л о г и я с ы ‒ а. ч. өндүрүшүнүн бир фактору катары климатты изилдөөчү илим; климатологиянын бир бөлүгү. Жер кыртышы жана анын асылдуулугу, суу ресурстары, өсүмдүктөр климатка жараша болот. Ошондуктан а. ч-сын адистештирүүдө климаттык шарт эске алынат. А-нын милдеттерине: климатка а. ч. жагынан баа берүү жана а. ч. өсүмдүктөрүн, малдын түрлөрүн рационалдуу жайгаштыруу максатында жерлерди агроклимат б-ча район доштуруу; аба ырайынын катаал шарттарынан сактануу жолдорун иштеп чыгуу ж. б. кирет. к. Айыл чарба метеорологиясы.