Difference between revisions of "АЗ КАНДУУЛУК"
м (→top: clean up, replaced: м‑н → менен (4), ж‑а → жана) |

1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЗ | '''АЗ КАНДУУЛУК''', а н е м и я– кызыл кан денечелериндеги ''гемоглобиндин'' азайышы менен мүнөздөлгөн оору. Ага канды көп жоготуу (дароо же өнөкөт кан кетүүдөн), эритроциттердин, кан пайда болуунун бузулушу, денеде темирдин, кээ бир витаминдердин жетишсиздиги, сөөк чучугунун жабыркашы, о. эле айрым жугуштуу оорулар себеп болот. Денеде В12 витамини менен эритроциттеги гемоглобиндин, ферменттердин курамына кирүүчү темир аз болгондо А.к. көп кездешет. Көбүнчө кан көп кеткенден (этек кир, геморрой, карын жарасы ж. б.) болот. Көп төрөгөн, баланы көпкө эмизген аялдарда, о. эле бала эттүү тамакты аз жегенде көп байкалат. Эненин денесинде темир аз болсо, эмчектеги балада да А. к. өнүгүшү ыктымал. Белгилери – энтигет, жүрөк катуу согуп, бат чарчайт, баш айланып ооруйт, көз чыбырчыктайт, чач түшөт, тырмак сынат, ич өтөт, өңү, көз чели кубарып, кер сары тартат. Изилдөөдө эритроциттердин саны анча өзгөрбөй, гемоглобиндин саны азаят. Ооруну алдын алууда кан кеткен жерди өз убагында таап, токтотуу, туура жана темирге бай азык менен тамактануунун мааниси чоң. Темирлүү дарылар менен узак, такай дарылануу керек. |
14:13, 20 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы
АЗ КАНДУУЛУК, а н е м и я– кызыл кан денечелериндеги гемоглобиндин азайышы менен мүнөздөлгөн оору. Ага канды көп жоготуу (дароо же өнөкөт кан кетүүдөн), эритроциттердин, кан пайда болуунун бузулушу, денеде темирдин, кээ бир витаминдердин жетишсиздиги, сөөк чучугунун жабыркашы, о. эле айрым жугуштуу оорулар себеп болот. Денеде В12 витамини менен эритроциттеги гемоглобиндин, ферменттердин курамына кирүүчү темир аз болгондо А.к. көп кездешет. Көбүнчө кан көп кеткенден (этек кир, геморрой, карын жарасы ж. б.) болот. Көп төрөгөн, баланы көпкө эмизген аялдарда, о. эле бала эттүү тамакты аз жегенде көп байкалат. Эненин денесинде темир аз болсо, эмчектеги балада да А. к. өнүгүшү ыктымал. Белгилери – энтигет, жүрөк катуу согуп, бат чарчайт, баш айланып ооруйт, көз чыбырчыктайт, чач түшөт, тырмак сынат, ич өтөт, өңү, көз чели кубарып, кер сары тартат. Изилдөөдө эритроциттердин саны анча өзгөрбөй, гемоглобиндин саны азаят. Ооруну алдын алууда кан кеткен жерди өз убагында таап, токтотуу, туура жана темирге бай азык менен тамактануунун мааниси чоң. Темирлүү дарылар менен узак, такай дарылануу керек.