Difference between revisions of "АШИРБАЕВ Токтосун"
м (Mariya moved page АШИРБАЕВ to АШИРБАЕВ Токтосун) |
|
(Айырма жок)
| |
10:28, 15 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы
АШИРБАЕВ Токтосун (15. 1. 1948, Ош обл., Өзгөн р-ну, Ана-Кызыл айылы ‒ 3. 4. 2006, Бишкек ш.) ‒ тилчи, филология илимдеринин доктору (2001), проф. (2005). КРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2004). Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун (азыркы Ош мамл. ун-тинин) филология факультетин бүтүргөн (1974). Кийин анда улук окутуучу, доцент, декан (1979‒2001), 2001-жылдан кафедра башчысы болгон. 100дөн ашуун илимий эмгектери, анын ичинде орто мектептер жана ЖОЖдор үчүн окуу китептери, окуу куралдары жарык көргөн. Анын эмгектеринде тил илимине, кыргыз тилинин стилистикасына тиешелүү маселелер иликтөөгө алынган.
Эмг.: Тилдик бирдиктердин стилистикалык табияты. Б., 2000; Кыргыз тилинин стилистикасы: Стилистиканын жалпы маселелери, 1-китеп. Б., 2000; Кыргыз тилинин стилистикасы: Фонетикалык, сөз жасоо жана лексикалык стилистика, 2-китеп. Б., 2000; Кыргыз тилинин стилистикасы: Морфологиялык жана синтаксистик стилистика, 3-китеп. Б., 2001; Кыргыз тилинин стилистикасы: Функционалдык стилдер, 4-китеп. Б., 2004.
М. Молдалиева.