Difference between revisions of "АУЭЗОВ Мухтар Омарханович"
м (Mariya moved page АУЭЗОВ to АУЭЗОВ Мухтар Омарханович) |
|
(Айырма жок)
|
00:06, 15 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы
АУЭЗОВ Мухтар Омарханович [16 (28). 9. 1897, Семей обл., Абай р-ну, Аркат айылы ‒ 27. 6. 1961, Москва ш., сөөгү Алматыга коюлган] ‒ казак жазуучусу, илимпоз, коомдук ишмер, Казакстан ИАсынын академиги (1946), филология илимдеринин доктору, проф. (1946). Семейдеги мугалимдер семинариясын, (1919). 1923‒28-ж. М. Ауэзов Ташкенттеги Орто Азия мамл. ун-тинде, Ленинград ун-тинде окуп, филология факультетин бүтүргөн. 1928‒30-ж. Орто Азия ун-тинин аспирантурасында окуган. Туӊгуч чыгармасы ‒
«Эӊлик-Кебекти» 1917-ж. жазган. Пьесада феодалдык-уруучулук түзүлүштүн курманы болгон эки жаштын трагедиялуу махабаты баяндалган. Айрым идеялык-көркөмдүк кемчиликтерине карабастан, «Эӊлик-Кебек» автордун чыныгы талант ээси экендигин айгинелеген. «Коргоосуз калгандардын тагдыры» (1921), «Ким айыптуу?» (1923), «Каралуу сулуу» (1937) сыяктуу 20дан ашуун пьесалары жарыяланган. Анын алгачкы эле аӊгеме, повесттеринен анын орус жана европа адабияты менен казак элинин көркөм адабий салттарын айкалыштыра билгени, бийик жазуучулук маданият, социалдык баамчылдык, эпикалык чабыты таасын көрүнгөн. М. Ауэзовдун көркөм чыг-лык менен бирге, илимий майданда белсенип иштеп, казак жана боордош элдердин адабиятынын маанилүү маселелери б-ча бир нече илимий сын макала жазган. Орус жана дүйнөлүк классиктердин (У. Шекспир, А. С. Пушкин, И. А. Тургенев, Н. В. Гоголь, М. П. Погодин) чыгармаларын казак тилине которгон. Л. Соболев менен бирге «Абай» аттуу трагедиясын жазган (1940). Бул тарыхый чыгармада Абай өмүрүнүн соӊку жылдарына кайрылып, улуу акындын трагедиялуу тагдырын көрсөтөт. М. Ауэзовдун талантынын гүлдөгөн мезгили «Абай жолу» роман-эпопеясын жараткан жылдарга туш келет. Романдын 1‒2-китеби (1942‒47) СССР мамл. сыйл. (1949), 3‒4-китептери (1950‒56) Лениндик сыйл. (1959) арзыган. Бул роман-эпопеяда улуу акын Абай Кунанбаевдин татаал өмүр жолу казак элинин Окт. рев-ясына чейинки коомдук турмушунун социалдык-саясий жана нравалык конфликттери менен элдин аӊ-сезиминде болгон өзгөрүү процесстери менен тыгыз байланышта сүрөттөлөт. Бул романды жаратууда А. көп изденет. Анын достору, бала-бакырасы, небере-чөбөрөлөрү менен аӊгемелешүүгө туура келет. Абайдын байбичеси Дилде өтө карып калгандыгына карабастан, о. эле сүйгөн жары Айгерим көп маалымат беришкен. Өз чоӊ атасы ‒ Ауэздин досу Абай тууралуу айтып бергендери, Абайдын «Абай жолу» тарыхый роман-эпопеясы Ч. Айтматовдун сөзү менен айтканда биздин көркөм жана социалдык энциклопедиябыз, жалпы «мандатыбыз». Ал 250 томдук «Дүйнөлүк адабият китепканасында» орун алган. Чыгарма идеялык-эстетикалык күчү жагынан улуу классиктерге мүнөздүү чеберчилик менен жазылган. Романда классикалык образдардын бүтүндөй бир галереясы түзүлгөн. 30дан ашуун дүйнө тилдерине которулган. М. Ауэзов өмүрүнүн акыркы жылдарында адабияттын башка жанрларында да жемиштүү эмгектенген. «Алтын шакек», «Асыл насилдер», «Майдан», «Акын элинде», «Түштүк очерктери», «Индия очерктери», «Америка таасирлери» ж. б. очерк, аӊгемелерин жараткан. «Ак кайыӊ» (А. Тажибаев менен бирге), «Бекет» (1939), «Сыноо сааты» (1942), «Каракыпчак Кабыланды» (1942‒44) пьесаларын жазган. Анын адамдардын эмгегин, күрөшүн, жаӊы рухий дүйнөсүн, улуттар арасындагы достук мамилелерди кеӊири көрсөтүүнү максат кылган жаӊы эпопеясынын 1-китеби ‒ «Өскөн өркөн» романы өзү дүйнөдөн кайткандан кийин (1962) жарыкка чыккан. Ал дүйнөлүк көркөм процесс менен жеткиликтүү тааныштыгы бар ири илимпоздордун бири болгон. М. Ауэзов орто кылымдагы Күн чыгыш классикасы, казак фольклору жана профессионал адабияты, 19-кылымдагы орус классикасы, Батыш адабияты, көркөм котормо маселелери б-ча өзүнүн баалуу ойлорун ортого салып келген. Анын илимий изилдөөлөрү, сын макалалары «Ар жылкы ойлор» (1959) китебине кирген. М. Ауэзов кыргыз адабиятынын тагдыры үчүн дайыма кам көрүп, кыргыз жазуучуларына өрнөк көрсөтүп келген. Улуу «Манас» эпосун изилдөөгө арналган эмгеги бүткүл союздук илимпоздор чөйрөсүнө кеӊири белгилүү. Ошондой эле «Караш-караш окуясы» повести, аӊгемелери жана илимий эмгектери кыргыз тилинде жарык көргөн. А.лЛенин ордени жана бир нече медалдар менен сыйланган.
Чыг.: Ауэзов М. Чыгармалары, 12 томдук, 1‒12 т. А.-А.; 1967‒69; Абай. Тарыхый роман, 1‒2-китеп. Ф., 1955, 1957; Караш-караш. Аӊгемелер жыйнагы. Ф., 1969; Кыргызский героический эпос «Манас». М., 1961. Ад.: Ахметов З. Роман-эпопея Мухтара Ауэзова. А., 1996; М. Ауэзов ‒ ХХ кылымдын улуу жазуучусу жана гуманисти. А., 1997; Садыков А. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн адабияты. Б., 2001; Мухтар Ауэзов жана кыргыз залкар жазуучулары. Б., 2005. А. Садыков.