Difference between revisions of "АТОМ"
м (→top: clean up, replaced: м-н → менен (8), ж-а → жана (12)) |

1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АТОМ''' ‒ хим. элементтин касиеттерин сактоочу эӊ майда бөлүкчө. Ар бир хим. элементке өзүнө гана тиешелүү А. туура келет, о. эле өзүн түзгөн бөлүкчөлөрдүн (''протон, нейтрон, электрон'' ) саны жана ат. массасы менен айырмаланат. А. эркин (газда) жана байланышкан абалда болот. А-дор өз ара түздөн-түз же молекуланын курамындагы А. менен байланышып, суюк же катуу заттарды пайда кылат. А-дун физ. жана хим. касиеттери анын түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү менен аныкталат. А. оӊ электр заряддуу оор ядродон жана анын айланасындагы жеӊил бөлүкчөлөр ‒ терс электр заряддуу кабыкчаны түзүүчү электрондордон турат. А-дун өлчөмү анын электрон кабыкчасынын өлчөмү менен аныкталат жана ядрого караганда А. кыйла чоӊдук кылат (А-дун сызыктуу өлчөмү 10‒8 ''см,'' ядронуку 10‒12 ‒ 10‒13''см''). Электрон катмарынын так белгиленген чеги болбойт жана А-дун өлчөмү аздыр-көптүр аны aныктoo ыкмасына жараша болот. Ядронун заряды А-дун негизги мүнөздөмөсү ‒ ал белгилүү элементке тиешелүү болот жана абс. мааниси б-ча электрондун зарядына барабар. А. электр заряды нейтралдуу система: +''eЯ'' заряддуу (''+е'' заряддуу ''Я'' протону бар) ядро жалпы заряды ''‒'''eЯ''''' болгон '''''Я''''' электронду кармап турат, б. а. атомдогу жалпы заряддардын суммасы нөлгө барабар. Бир же бир нече электронун жоготкон А. оӊ ион, электронду өзүнө кошуп алган А. терс ионго айланып, нейтралдуу жана анын иону хим. элементтин символу менен белгиленет. Бирдей сандагы электрону бар А-дор же башка элементтердин иондору изоэлектрондуу катарды түзөт (мис., суутек сымал катар Н, Не+, Li2+…). А. ядро зарядынын элементардык зарядына эселүүлүгү ядронун түзүлүшү менен түшүндүрүлөт. Анын курамы +е зарядга, о. эле нейтралдуу бөлүкчө ‒ нейтронго ээ. Ядронун өлчөмү өтө кичине жана массасы өтө чоӊ болгондуктан, тегерегинде айланып жүргөн ''N'' электрондордун системасы кaтapы каралат. Мындай системанын толук ички энергиясы бардык электрондордун кинетикалык энергиясы менен электрондордун ядрого тартылуу жана бири биринен түртүлүү энергиясынын суммасына барабар. Эӊ жөнөкөй учурда ‒ суутек атомунда ‒''е'' заряддуу бир электрон +''е'' заряддуу ядрону айланып жүрөт. Сырткы электрондордун саны А-дун магниттик касиеттерин аныктайт. Жуп сандуу электрону бар А-дун магниттик моменти нөлгө барабар. Так сандуу электрону бар А-дун магниттик моменти нөлгө барабар эмес жана парамагниттүү болот (к. ''Парамагнетизм. ).'' Магниттик моменттери нөлгө барабар эмес А-дорго сырткы магнит талаасы таасир кылат (к.''Зееман эффектиси ).'' Бардык А-дор ''диамагнетизм'' касиетине ээ: ал сырткы магнит талаасынын таасиринен А-до кошумча магниттик моменттин пайда болушуна байланыштуу. А. иондошкондо, б. а. андан электрон бөлүнгөндө сырткы электрон кабыкчасы менен аныкталуучу бардык касиети өзгөрөт: электр талаасында поляризациялануу жөндөмдүүлүгү азаят, энергия деӊгээлдеринин ортосундагы аралык жана алардын бири бирине өтүү жыштыгы чоӊоёт ж. б. Байланышкан абалдагы А-дун касиети эркин А-дун касиетинен айырмаланат, к. ''Атом физикасы. Ад''.: ''Фоно У., Фоно Л.'' Физика атомов и молекул. М., 1980. ''Шпольский Э. В.'' Атомная физика. 7-изд., Т. 1‒2, М., 1984.

17:53, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы
АТОМ ‒ хим. элементтин касиеттерин сактоочу эӊ майда бөлүкчө. Ар бир хим. элементке өзүнө гана тиешелүү А. туура келет, о. эле өзүн түзгөн бөлүкчөлөрдүн (протон, нейтрон, электрон ) саны жана ат. массасы менен айырмаланат. А. эркин (газда) жана байланышкан абалда болот. А-дор өз ара түздөн-түз же молекуланын курамындагы А. менен байланышып, суюк же катуу заттарды пайда кылат. А-дун физ. жана хим. касиеттери анын түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү менен аныкталат. А. оӊ электр заряддуу оор ядродон жана анын айланасындагы жеӊил бөлүкчөлөр ‒ терс электр заряддуу кабыкчаны түзүүчү электрондордон турат. А-дун өлчөмү анын электрон кабыкчасынын өлчөмү менен аныкталат жана ядрого караганда А. кыйла чоӊдук кылат (А-дун сызыктуу өлчөмү 10‒8 см, ядронуку 10‒12 ‒ 10‒13см). Электрон катмарынын так белгиленген чеги болбойт жана А-дун өлчөмү аздыр-көптүр аны aныктoo ыкмасына жараша болот. Ядронун заряды А-дун негизги мүнөздөмөсү ‒ ал белгилүү элементке тиешелүү болот жана абс. мааниси б-ча электрондун зарядына барабар. А. электр заряды нейтралдуу система: +eЯ заряддуу (+е заряддуу Я протону бар) ядро жалпы заряды ‒eЯ болгон Я электронду кармап турат, б. а. атомдогу жалпы заряддардын суммасы нөлгө барабар. Бир же бир нече электронун жоготкон А. оӊ ион, электронду өзүнө кошуп алган А. терс ионго айланып, нейтралдуу жана анын иону хим. элементтин символу менен белгиленет. Бирдей сандагы электрону бар А-дор же башка элементтердин иондору изоэлектрондуу катарды түзөт (мис., суутек сымал катар Н, Не+, Li2+…). А. ядро зарядынын элементардык зарядына эселүүлүгү ядронун түзүлүшү менен түшүндүрүлөт. Анын курамы +е зарядга, о. эле нейтралдуу бөлүкчө ‒ нейтронго ээ. Ядронун өлчөмү өтө кичине жана массасы өтө чоӊ болгондуктан, тегерегинде айланып жүргөн N электрондордун системасы кaтapы каралат. Мындай системанын толук ички энергиясы бардык электрондордун кинетикалык энергиясы менен электрондордун ядрого тартылуу жана бири биринен түртүлүү энергиясынын суммасына барабар. Эӊ жөнөкөй учурда ‒ суутек атомунда ‒е заряддуу бир электрон +е заряддуу ядрону айланып жүрөт. Сырткы электрондордун саны А-дун магниттик касиеттерин аныктайт. Жуп сандуу электрону бар А-дун магниттик моменти нөлгө барабар. Так сандуу электрону бар А-дун магниттик моменти нөлгө барабар эмес жана парамагниттүү болот (к. Парамагнетизм. ). Магниттик моменттери нөлгө барабар эмес А-дорго сырткы магнит талаасы таасир кылат (к.Зееман эффектиси ). Бардык А-дор диамагнетизм касиетине ээ: ал сырткы магнит талаасынын таасиринен А-до кошумча магниттик моменттин пайда болушуна байланыштуу. А. иондошкондо, б. а. андан электрон бөлүнгөндө сырткы электрон кабыкчасы менен аныкталуучу бардык касиети өзгөрөт: электр талаасында поляризациялануу жөндөмдүүлүгү азаят, энергия деӊгээлдеринин ортосундагы аралык жана алардын бири бирине өтүү жыштыгы чоӊоёт ж. б. Байланышкан абалдагы А-дун касиети эркин А-дун касиетинен айырмаланат, к. Атом физикасы. Ад.: Фоно У., Фоно Л. Физика атомов и молекул. М., 1980. Шпольский Э. В. Атомная физика. 7-изд., Т. 1‒2, М., 1984.