Difference between revisions of "АЛАБУГА ӨРӨӨНҮ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

 Ички Теӊир-Тоодо. Алабуга суусун бойлоп, Фергана тоо тизмеги м-н Жаман-Тоо тутумдашкан тушта Бычан ж-а Арпа сууларынын кошулган жеринен түн.-чыгышты карай созулуп жатат. Батыш тарабынан Ак-Шыйрак, Чаар-Таш тоолору м-н чектешет. Уз. 60 км, эӊ жазы жери 2‒4 км. Таманы деӊиз деӊг. 1600‒2070 м бийиктикте жайгашкан. Жамандаван суусунун чатынан 5 км төмөнүрөөк түн.-батышка бурулуп, Нарын өрөөнүнө чыгат. Алабуга суусу тереӊ сайда агат, жээктери көбүнчө тик, кемерлүү. Өрөөндө узатасынан созулган бийик тектирлер бар, алар негизинен төртүнчү лүк мезгилинин аллювий, аллювий-пролювий шилендилеринен, айрым жерлерде түпкү тектерден түзүлгөн. Өрөөндүн көп бөлүгүнө чополуу чап рельефи мүнөздүү. Чаптуу рельеф Алабуга суусунун эки өйүзүндө теӊ кеӊири өөрчүгөн, батыш тарабында Ак-Шыйрак, Чаар-Таш тоолорунун этегинде ондогон кмге созулат. Карст процесстери өөрчүгөн. Чаптар неогендин чопо, конгломерат, кумдук, гипс ж. б. тектеринен түзүлгөн. А. ө-нүн климаты кургакчыл, кескин континенттик. Жайы жылуу, июлдун орт. темп-расы 15‒16°С, кышы узак, суук, январдыкы ‒15...‒20°С. Жылдык жаан-чачыны 200‒300 мм, бийик бөлүгүндө 400 ммге чейин. Кышкысын 4‒5 ай кар жатат (калыӊдыгы 15‒20 см). Өрөөндө жарымчөл, кургак талаа ландшафтта ры кеӊири таралган. Түзөӊ жерлерде, тектирлерде, тоо этектеринде боз шыбактуу, шыбак-шор өсүмдүктүү жарымчөл ландшафты басымдуу. Суулардын боюнда, жайылмаларда тал, терек, бадалдар, шалбаа ж. б. өсөт. Чап аймагы өсүмдүктөргө өтө жарды, жылаӊач. Мында бирин-серин терскен, баялыш, кекире, эбелек ж. б. өсүмдүктөрү кезигет. Адырларда, нымдуураак жантайыӊкы тоо капталдарында шыбак-бетегелүү же каралжын-коӊур күрөӊ топурактуу, кылканактуу дүйүм чөптүү талаа ландшаф ты таралган. Сугат жерлерде арпа, сулу, беде, эспарцет, буудай эгилет. Суусуз бош жаткан жерлери жайыт катары пайдаланылат. Баетов ‒ Кош-Дөбө ‒ Казарман автомобиль жолунун бир бөлүгү А. ө. аркылуу өтөт.