Difference between revisions of "АЛИЕВ Капар"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>)
1 -сап: 1 -сап:
'''АЛИЕВ''' Капар (8. 5. 1927, Нарын обл., Тянь-Шань р-ну, Он-Арча айылы ‒ 12. 5. 1970, Бишкек) ‒ журналист, жазуучу, диктор көркөм окуунун Кыргызстандагы негиз салуучусу. Нарындагы мугалимдерди даярдоо курсун бүткөн (1943). Тянь-Шань районундагы Жалгыз-Терек, Оттук, Ак-Талаа районундагы Осовиахим айыл мектептеринде мугалим, директор (1944‒51). 1951-жылдан Кыргыз радиокомитетинде дикторлук кесипте иштеп, Кыргызстанда биринчи болуп жогорку даражадагы дикторлук категорияга жетишкен. Көркөм окуу өнөрүн өмүр бою аркалаган. 1951-жылдан журналисттик кесипке өткөн. «Ленинчил жаш», «Чалкан» журналдарында эмгектенген. 50дөн ашык сатиралары, курч фельетондору жарык көргөн. К. Алиев кино ишмери катары да белгилүү. Ал толук метраждуу фильмдердин, киножурналдардын текстин көркөм окуган. «Жоро» аттуу көркөм фильмде башкарманын ролун аткарган. Котормочу катары бир нече адабий чыгармаларды кыргызчалаткан. Анын ысымы м-н туулган айылынын бир көчөсү аталган.<br>
'''АЛИЕВ''' Капар (8. 5. 1927, Нарын обл., Тянь-Шань р-ну, Он-Арча айылы ‒ 12. 5. 1970, Бишкек) ‒ журналист, жазуучу, диктор көркөм окуунун Кыргызстандагы негиз салуучусу. Нарындагы мугалимдерди даярдоо курсун бүткөн (1943). Тянь-Шань районундагы Жалгыз-Терек, Оттук, Ак-Талаа районундагы Осовиахим айыл мектептеринде мугалим, директор (1944‒51). 1951-жылдан Кыргыз радиокомитетинде дикторлук кесипте иштеп, Кыргызстанда биринчи болуп жогорку даражадагы дикторлук категорияга жетишкен. Көркөм окуу өнөрүн өмүр бою аркалаган. 1951-жылдан журналисттик кесипке өткөн. «Ленинчил жаш», «Чалкан» журналдарында эмгектенген. 50дөн ашык сатиралары, курч фельетондору жарык көргөн. К. Алиев кино ишмери катары да белгилүү. Ал толук метраждуу фильмдердин, киножурналдардын текстин көркөм окуган. «Жоро» аттуу көркөм фильмде башкарманын ролун аткарган. Котормочу катары бир нече адабий чыгармаларды кыргызчалаткан. Анын ысымы <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> туулган айылынын бир көчөсү аталган.<br>

16:04, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы

АЛИЕВ Капар (8. 5. 1927, Нарын обл., Тянь-Шань р-ну, Он-Арча айылы ‒ 12. 5. 1970, Бишкек) ‒ журналист, жазуучу, диктор көркөм окуунун Кыргызстандагы негиз салуучусу. Нарындагы мугалимдерди даярдоо курсун бүткөн (1943). Тянь-Шань районундагы Жалгыз-Терек, Оттук, Ак-Талаа районундагы Осовиахим айыл мектептеринде мугалим, директор (1944‒51). 1951-жылдан Кыргыз радиокомитетинде дикторлук кесипте иштеп, Кыргызстанда биринчи болуп жогорку даражадагы дикторлук категорияга жетишкен. Көркөм окуу өнөрүн өмүр бою аркалаган. 1951-жылдан журналисттик кесипке өткөн. «Ленинчил жаш», «Чалкан» журналдарында эмгектенген. 50дөн ашык сатиралары, курч фельетондору жарык көргөн. К. Алиев кино ишмери катары да белгилүү. Ал толук метраждуу фильмдердин, киножурналдардын текстин көркөм окуган. «Жоро» аттуу көркөм фильмде башкарманын ролун аткарган. Котормочу катары бир нече адабий чыгармаларды кыргызчалаткан. Анын ысымы менен туулган айылынын бир көчөсү аталган.