Difference between revisions of "АЙМАНОВ Шакен Кенжетай уулу"
м (→top: clean up, replaced: м‑н → менен (5), ж‑а → жана (5)) |

1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЙМАНОВ''' Шакен Кенжетай уулу (5. 2. 1914, Павлодар обл., Барнаул р‑ну, Айман‑Булак айылы – 24. 12. 1970, Москва) – казак актёру, режиссёр, казак профессионалдык кино искусствосуна негиз салуучулардын бири. СССР эл артисти (1959), Казак ССР мамлекеттик сыйлыгынын (1965), СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1968, 1979) лауреаты. Семейдеги мугалимдер педтехникумунда окуп жүргөндө Алматыдагы Казак драма театрына чакырылып, 1933‑ж. кабыл алынган. Театр сахнасында Кобланды (М. Ауэзов, «Кобланды»), Кодар (Г. Мүсрепов, «Козу Көрпөш Баян сулуу»), Алдар көсөө (Ш. Кусаинов, «Алдар көсөө»), Исатай (И. Жансүгүров, «Исатай Махамбет»), Кассио (У. Шекспир, «Отелло»), Тихон (А. Островский, «Таланттар м‑н табынуучулар»), Кидц (Б. Лавренов, «Америка добушу»), Хлестаков (Н. Гоголь, «Текшерүүчү»), Петруччио (У. Шекспир, «Азоого чалма») сыяктуу классикалык ролдорду аткарган. «Мылтыкчан киши», «Абай», «Намыс соту» пьесаларын сахнага чыгарып, алгачкы режиссёрлук кадамын баштаган. 1951‑56‑ж. Казак драма театрынын башкы режиссеру болгон. Ал койгон «Абай» спектаклине СССР мамлекеттик сыйлыгы берилген (1952). Абайдын акындык талантына таасирленип өскөн Айманов кийин улуу акын тууралуу фильмге катышкан. Өнөр сапары м‑н эл арасында болуп, кинофестивалдарда, симпозиумдарда Жан Шабен, Жан Марэ, Лоуренс Оливье, Софи Лорен, Радж Капур, Френк Копра сыяктуу кино-[[File:АЙМАНОВ59.png | thumb | none]] | '''АЙМАНОВ''' Шакен Кенжетай уулу (5. 2. 1914, Павлодар обл., Барнаул р‑ну, Айман‑Булак айылы – 24. 12. 1970, Москва) – казак актёру, режиссёр, казак профессионалдык кино искусствосуна негиз салуучулардын бири. СССР эл артисти (1959), Казак ССР мамлекеттик сыйлыгынын (1965), СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1968, 1979) лауреаты. Семейдеги мугалимдер педтехникумунда окуп жүргөндө Алматыдагы Казак драма театрына чакырылып, 1933‑ж. кабыл алынган. Театр сахнасында Кобланды (М. Ауэзов, «Кобланды»), Кодар (Г. Мүсрепов, «Козу Көрпөш Баян сулуу»), Алдар көсөө (Ш. Кусаинов, «Алдар көсөө»), Исатай (И. Жансүгүров, «Исатай Махамбет»), Кассио (У. Шекспир, «Отелло»), Тихон (А. Островский, «Таланттар менен табынуучулар»), Кидц (Б. Лавренов, «Америка добушу»), Хлестаков (Н. Гоголь, «Текшерүүчү»), Петруччио (У. Шекспир, «Азоого чалма») сыяктуу классикалык ролдорду аткарган. «Мылтыкчан киши», «Абай», «Намыс соту» пьесаларын сахнага чыгарып, алгачкы режиссёрлук кадамын баштаган. 1951‑56‑ж. Казак драма театрынын башкы режиссеру болгон. Ал койгон «Абай» спектаклине СССР мамлекеттик сыйлыгы берилген (1952). Абайдын акындык талантына таасирленип өскөн Айманов кийин улуу акын тууралуу фильмге катышкан. Өнөр сапары менен эл арасында болуп, кинофестивалдарда, симпозиумдарда Жан Шабен, Жан Марэ, Лоуренс Оливье, Софи Лорен, Радж Капур, Френк Копра сыяктуу кино-[[File:АЙМАНОВ59.png | thumb|none]] | ||
жылдыздар м‑н жолугушкан. «Абай ыры» (реж. Г. Рошаль, 1945), «Жамбыл» (реж. Б. Дзиган, 1947) фильмдери аркылуу кино өнөрүнүн сырын терең түшүнүп, 1958‑70‑ж. «Казакфильм» студиясынын көркөмдүк жагын башкаруу м‑н казак кино өнөрүнүн өркүндөшүнө чоң үлүш кошуп, романтикалык‑патриоттук мектептин негизин түздү. А. Казакстан кинематографисттер союзунун башкармасынын туңгуч секретары болгон. Каир ш‑нда өткөн Азия ж‑а Африка элдеринин ж‑а Москва шаарында өткөн эл аралык кинофестивалдарга катышкан. «Тоо хрусталы» аттуу фильми 1967‑ж. Дүйшөмбү шаарында өткөн Казакстан ж‑а Орто Азия республикаларынын эл аралык фестивалында биринчи байгеге ээ болгон. «Махабат тууралуу баян» (1953), «Алдар көсөө» (1965), «Ата мекен» (1966), «Биздин сүйүктүү доктор» (1958), «Такыялуу периште» (1958), «Атамандын акыры» (1970) фильмдерин койгон. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери м‑н сыйланган. Алматы шаарынын бир көчөсүнө (1972) ж‑а «Казакфильм» студиясына (1984) ысмы берилген. Ал жашаган үйдө ж‑а киностудияда музейи уюштурулган (1971).
Ад.: ''Сиранов К.'' Шакен Айманов – актёр и режиссёр кино. А.-А., 1970; ''Кенжетаев К.'' Даркандарын. А.-А., 1975; ''Беркович М.'' Шакен Айманов. А.-А., 1976. ''Н. Жылдызова.''
| жылдыздар менен жолугушкан. «Абай ыры» (реж. Г. Рошаль, 1945), «Жамбыл» (реж. Б. Дзиган, 1947) фильмдери аркылуу кино өнөрүнүн сырын терең түшүнүп, 1958‑70‑ж. «Казакфильм» студиясынын көркөмдүк жагын башкаруу менен казак кино өнөрүнүн өркүндөшүнө чоң үлүш кошуп, романтикалык‑патриоттук мектептин негизин түздү. А. Казакстан кинематографисттер союзунун башкармасынын туңгуч секретары болгон. Каир ш‑нда өткөн Азия жана Африка элдеринин жана Москва шаарында өткөн эл аралык кинофестивалдарга катышкан. «Тоо хрусталы» аттуу фильми 1967‑ж. Дүйшөмбү шаарында өткөн Казакстан жана Орто Азия республикаларынын эл аралык фестивалында биринчи байгеге ээ болгон. «Махабат тууралуу баян» (1953), «Алдар көсөө» (1965), «Ата мекен» (1966), «Биздин сүйүктүү доктор» (1958), «Такыялуу периште» (1958), «Атамандын акыры» (1970) фильмдерин койгон. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган. Алматы шаарынын бир көчөсүнө (1972) жана «Казакфильм» студиясына (1984) ысмы берилген. Ал жашаган үйдө жана киностудияда музейи уюштурулган (1971).
Ад.: ''Сиранов К.'' Шакен Айманов – актёр и режиссёр кино. А.-А., 1970; ''Кенжетаев К.'' Даркандарын. А.-А., 1975; ''Беркович М.'' Шакен Айманов. А.-А., 1976. ''Н. Жылдызова.''

15:11, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы
АЙМАНОВ Шакен Кенжетай уулу (5. 2. 1914, Павлодар обл., Барнаул р‑ну, Айман‑Булак айылы – 24. 12. 1970, Москва) – казак актёру, режиссёр, казак профессионалдык кино искусствосуна негиз салуучулардын бири. СССР эл артисти (1959), Казак ССР мамлекеттик сыйлыгынын (1965), СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1968, 1979) лауреаты. Семейдеги мугалимдер педтехникумунда окуп жүргөндө Алматыдагы Казак драма театрына чакырылып, 1933‑ж. кабыл алынган. Театр сахнасында Кобланды (М. Ауэзов, «Кобланды»), Кодар (Г. Мүсрепов, «Козу Көрпөш Баян сулуу»), Алдар көсөө (Ш. Кусаинов, «Алдар көсөө»), Исатай (И. Жансүгүров, «Исатай Махамбет»), Кассио (У. Шекспир, «Отелло»), Тихон (А. Островский, «Таланттар менен табынуучулар»), Кидц (Б. Лавренов, «Америка добушу»), Хлестаков (Н. Гоголь, «Текшерүүчү»), Петруччио (У. Шекспир, «Азоого чалма») сыяктуу классикалык ролдорду аткарган. «Мылтыкчан киши», «Абай», «Намыс соту» пьесаларын сахнага чыгарып, алгачкы режиссёрлук кадамын баштаган. 1951‑56‑ж. Казак драма театрынын башкы режиссеру болгон. Ал койгон «Абай» спектаклине СССР мамлекеттик сыйлыгы берилген (1952). Абайдын акындык талантына таасирленип өскөн Айманов кийин улуу акын тууралуу фильмге катышкан. Өнөр сапары менен эл арасында болуп, кинофестивалдарда, симпозиумдарда Жан Шабен, Жан Марэ, Лоуренс Оливье, Софи Лорен, Радж Капур, Френк Копра сыяктуу кино-
жылдыздар менен жолугушкан. «Абай ыры» (реж. Г. Рошаль, 1945), «Жамбыл» (реж. Б. Дзиган, 1947) фильмдери аркылуу кино өнөрүнүн сырын терең түшүнүп, 1958‑70‑ж. «Казакфильм» студиясынын көркөмдүк жагын башкаруу менен казак кино өнөрүнүн өркүндөшүнө чоң үлүш кошуп, романтикалык‑патриоттук мектептин негизин түздү. А. Казакстан кинематографисттер союзунун башкармасынын туңгуч секретары болгон. Каир ш‑нда өткөн Азия жана Африка элдеринин жана Москва шаарында өткөн эл аралык кинофестивалдарга катышкан. «Тоо хрусталы» аттуу фильми 1967‑ж. Дүйшөмбү шаарында өткөн Казакстан жана Орто Азия республикаларынын эл аралык фестивалында биринчи байгеге ээ болгон. «Махабат тууралуу баян» (1953), «Алдар көсөө» (1965), «Ата мекен» (1966), «Биздин сүйүктүү доктор» (1958), «Такыялуу периште» (1958), «Атамандын акыры» (1970) фильмдерин койгон. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган. Алматы шаарынын бир көчөсүнө (1972) жана «Казакфильм» студиясына (1984) ысмы берилген. Ал жашаган үйдө жана киностудияда музейи уюштурулган (1971).
Ад.: Сиранов К. Шакен Айманов – актёр и режиссёр кино. А.-А., 1970; Кенжетаев К. Даркандарын. А.-А., 1975; Беркович М. Шакен Айманов. А.-А., 1976. Н. Жылдызова.