Difference between revisions of "АКЧАСЫЗ ЭСЕПТЕШҮҮ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

 ‒ төлөмдөрдү накта акчасыз ишке ашыруу ж-а карыздакордун эсебинен кредит мекемелериндеги кредит берүүчүнүн эсебине өзара талаптарды эсепке алуу же каражат которуу жолу м-н бүткөрүү. А. э. накта акча жүгүртүүнү алмаштыруу м-н ага муктаждыкты азайтат, каражаттардын айлануусун тездетет, жүгүртүү чыгымын кыскартат. Бардык А. э. кредиттик мекемелер аркылуу же алардын контролдугу астында жүргүзүлөт. А. э. каражатта рына жүгүртүү акча төлөм каражаттары: векселдер, чектер, которуулар ж. б. кирет. Банк эсебине каражаттарды которуу аларда сакталып турган төлөмөрдүн салымдарынын (банк депозиттеринин ) эсебинен же банк ссудасынын эсебинен жүргүзүлөт.