Difference between revisions of "АКЧА СИСТЕМАСЫ"
Jump to navigation
Jump to search
228-323>KadyrM |
м (1 revision imported) |
(Айырма жок)
|
21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы
‒ өлкөдө мамлекет тарабынан белгиленген акча жүгүртүүнү уюштуруу формасы. Мамл. акча бирдигин (сом, доллар ж. б.), масштабын, жүгүртүүдөгү акча белгисин ж-а аны чыгартуу тартибин, акчаны камсыз кылуу жагдайын, акчасыз төлөөнүн түрүн, улуттук валюта курсун, акча бирдигинин алтын кунун белгилейт, улуттук валюта курсун такай көзөмөлдөйт, акча туруктуу алтын ж-а товар куну м-н камсыз болот. Мында мамл. чекене баа туруктуу келип, акчанын товар кунун камсыз кылуу негиз болуп саналат. Жүгүртүүдө нак ж-а акчасыз төлөм чөйрөсү так чектелет.
Жалпы эквиваленттин ролун эки металл ‒ алтын ж-а күмүш аткарган учурда А. с-на биметаллизм мүнөздүү болгон; андан кийин мономенталлизм орноп, акчанын ордуна бир металл (алтын же күмүш) пайдаланылган. 20-к-дын 30-жылдарынан тартып бардык өлкөлөрдүн А. с. жүгүртүүгө кредиттик ж-а кагаз акча белгилери колдонулуп, алтын акча ордуна пайдаланылбай калды.