Difference between revisions of "АСАФЬЕВ Борис Владимирович"
м (Mariya moved page АСАФЬЕВ to АСАФЬЕВ Борис Владимирович) |
|
(Айырма жок)
|
14:52, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы
АСАФЬЕВ Борис Владимирович [(псевдоними – Игорь Глебов), 17(29). 7. 1884, Петербург – 27. I. 1949, Москва] – орус музыка изилдөөчү, композитор, педагог. СССР ИАсынын академиги (1943), СССР эл артисти (1946). Петербург университетин (1908), Петербург консерваториясын бүткөн (1910). 1919-30-ж. Ленинград искусство тарыхы институтунда иштеген. 1925-жылдан Ленинград консерваториясында проф. Москвада 1943-жылдан эмгектенген. Б. Асафьев – орус ж-а чет өлкөлөрдүн музыкалык маданияты, музыка теориясынын маселелери б-ча илимий эмгектердин ж-а сын макалалардын автору. Сов. композиторлордун Бүткүл союздук
1-съездинде (1948) СССР композиторлор союзунун председатели болуп шайланган. 11 опера, 28 балет, 4 симфония, бир нече романс, камералык-аспаптык ж. б. чыгармаларды жазган. Белгилүүлөрү: «Париж жалыны» (1932), «Бахчисарай фонтаны» (1934), «Кавказ туткуну» (1938) ж. б. Б. Асафьев СССР мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты (1943, 1948). Эки Ленин ордени, Эмгек Кызыл Tyy ордени м-н сыйланган.