Difference between revisions of "АВТОРДУК ОКУУ ПРОГРАММАЛАР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up, replaced: м-н → менен (2), ж-а → жана (5))
1 -сап: 1 -сап:
'''АВТОРДУК ОКУУ ПРОГРАММАЛАР''' – билим берүү стандарттарынын негизинде түзүлөт. Автордук окуу программаларда түзүүчүнүн жеке көз карашына ылайык окуу материалдарынын түзүлүү логикасы бир топ бөтөнчө берилиши мүмкүн. Автордук жеке көз караш айрым теорияларды, кубулуштарды, процесстерди, факттарды чечмелөөдө да байкалышы мүмкүн. Мындай окуу программалар ал илим тармагындагы адистер: педагог, психолог, методисттер тарабынан рецензиялангандан кийин гана мектептин педагогикалык кеңеши тарабынан бекитилет. Автордук окуу программаларда көбүнчө тандама сабактар (факультативдик) б-ча кеңири колдонулуп келүүдө. Россиялык белгилүү дидакт А. В. Хуторский мектепте айрым бир окуучуну окутууга байланыштуу базистик окуу планынын окуучулук компоненти катары эсептелген жеке билим программалары да болушу зарылдыгын белгилейт. Бул программалар ар түрдүү ж-а ар кандай формада болушу мүмкүн. Ал айрым окуу предметтерине же окуучуга комплекстүү билим берүүгө да таандык болот. Аларды түзүүгө тике ж-а кыйыр түрдө окуучулардын өздөрү катышат. Мындай типтеги программалар да ар бир окуучу үчүн бүтүндөй же айрым предметтер б-ча окутуунун жеке максаттары, ишмердиктин планы, олимпиадаларга, конференцияларга катышуунун графиктери, чыгармачылык иштердин аталышы, билим натыйжалары, жетишкендиктерди текшерүү ж-а баалоонун формалары белгиленет. Окуу программасын түзүүнүн концентрленген ж-а түз сызыктуу деп аталган эки ыкмасы бар. Түз сызыктуу ыкма м-н түзүлгөн программада окуу материалынын бирдиктери бири-бирин ырааттуу улап олтурат ж-а бир эле теманы жыл өткөн сайын кайра-кайра кайрылууга жол бербейт. Ал эми окуу материалын концентрленген ыкма м-н түзүү бир эле теманы кийинки класста, татаалданган түрдө кайрадан кайрылууга негизделет.
'''АВТОРДУК ОКУУ ПРОГРАММАЛАР''' – билим берүү стандарттарынын негизинде түзүлөт. Автордук окуу программаларда түзүүчүнүн жеке көз карашына ылайык окуу материалдарынын түзүлүү логикасы бир топ бөтөнчө берилиши мүмкүн. Автордук жеке көз караш айрым теорияларды, кубулуштарды, процесстерди, факттарды чечмелөөдө да байкалышы мүмкүн. Мындай окуу программалар ал илим тармагындагы адистер: педагог, психолог, методисттер тарабынан рецензиялангандан кийин гана мектептин педагогикалык кеңеши тарабынан бекитилет. Автордук окуу программаларда көбүнчө тандама сабактар (факультативдик) б-ча кеңири колдонулуп келүүдө. Россиялык белгилүү дидакт А. В. Хуторский мектепте айрым бир окуучуну окутууга байланыштуу базистик окуу планынын окуучулук компоненти катары эсептелген жеке билим программалары да болушу зарылдыгын белгилейт. Бул программалар ар түрдүү жана ар кандай формада болушу мүмкүн. Ал айрым окуу предметтерине же окуучуга комплекстүү билим берүүгө да таандык болот. Аларды түзүүгө тике жана кыйыр түрдө окуучулардын өздөрү катышат. Мындай типтеги программалар да ар бир окуучу үчүн бүтүндөй же айрым предметтер б-ча окутуунун жеке максаттары, ишмердиктин планы, олимпиадаларга, конференцияларга катышуунун графиктери, чыгармачылык иштердин аталышы, билим натыйжалары, жетишкендиктерди текшерүү жана баалоонун формалары белгиленет. Окуу программасын түзүүнүн концентрленген жана түз сызыктуу деп аталган эки ыкмасы бар. Түз сызыктуу ыкма менен түзүлгөн программада окуу материалынын бирдиктери бири-бирин ырааттуу улап олтурат жана бир эле теманы жыл өткөн сайын кайра-кайра кайрылууга жол бербейт. Ал эми окуу материалын концентрленген ыкма менен түзүү бир эле теманы кийинки класста, татаалданган түрдө кайрадан кайрылууга негизделет.

14:42, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы

АВТОРДУК ОКУУ ПРОГРАММАЛАР – билим берүү стандарттарынын негизинде түзүлөт. Автордук окуу программаларда түзүүчүнүн жеке көз карашына ылайык окуу материалдарынын түзүлүү логикасы бир топ бөтөнчө берилиши мүмкүн. Автордук жеке көз караш айрым теорияларды, кубулуштарды, процесстерди, факттарды чечмелөөдө да байкалышы мүмкүн. Мындай окуу программалар ал илим тармагындагы адистер: педагог, психолог, методисттер тарабынан рецензиялангандан кийин гана мектептин педагогикалык кеңеши тарабынан бекитилет. Автордук окуу программаларда көбүнчө тандама сабактар (факультативдик) б-ча кеңири колдонулуп келүүдө. Россиялык белгилүү дидакт А. В. Хуторский мектепте айрым бир окуучуну окутууга байланыштуу базистик окуу планынын окуучулук компоненти катары эсептелген жеке билим программалары да болушу зарылдыгын белгилейт. Бул программалар ар түрдүү жана ар кандай формада болушу мүмкүн. Ал айрым окуу предметтерине же окуучуга комплекстүү билим берүүгө да таандык болот. Аларды түзүүгө тике жана кыйыр түрдө окуучулардын өздөрү катышат. Мындай типтеги программалар да ар бир окуучу үчүн бүтүндөй же айрым предметтер б-ча окутуунун жеке максаттары, ишмердиктин планы, олимпиадаларга, конференцияларга катышуунун графиктери, чыгармачылык иштердин аталышы, билим натыйжалары, жетишкендиктерди текшерүү жана баалоонун формалары белгиленет. Окуу программасын түзүүнүн концентрленген жана түз сызыктуу деп аталган эки ыкмасы бар. Түз сызыктуу ыкма менен түзүлгөн программада окуу материалынын бирдиктери бири-бирин ырааттуу улап олтурат жана бир эле теманы жыл өткөн сайын кайра-кайра кайрылууга жол бербейт. Ал эми окуу материалын концентрленген ыкма менен түзүү бир эле теманы кийинки класста, татаалданган түрдө кайрадан кайрылууга негизделет.