Difference between revisions of "ААРЫ УУСУ"
м (→top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2)) |
|||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''ААРЫ УУСУ''' –жумушчу аарынын ийнесинин жип сымал ичке бези бөлүп чыгарган уу суюктук; ар түрдүү хим. аралашмадан турган татаал зат. Анда активдүү фермент, белок, бош аминкислоталары, гистамин ж. б. болот. А. у. кургак түрүндө күчүн жоготпой көп жыл сакталат. Аары чакканда болжол <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> 0,2-0,3 ''мг'' уу бөлүп чыгарат ж-a ал уу тирүү клеткалардын цитоплазмасын эритет. Сүт эмүүчү жаныбардын организми аары чакканда татаал комплекстүү реакция <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> жооп кайтарат. А. у. элдик медицинада дары катары эзелтен колдонулат. А. у-нан 1-жолу 1927-ж. Германияда дары-дармектер жасалган. Европа, Америка мамлекеттеринде препараттар (апизартрон, вирапин, венапиолин, токсапин) чыгарылат. А. у-нун препараттары кызыл жүгүрүк, куяң ж. б. четки нерв системасынын, кан тамыр (эндартерикоз, атеросклероз) ооруларын, кептөөр, гипертония, тиреотоксикозду дарылоодо, сезгенүүнү айыктырууда, ооруну басаңдатууда, муун, булчуң, кан тамыр ж. б. ооруларына суюк май түрүндө пайдаланылат. |
14:04, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы
ААРЫ УУСУ –жумушчу аарынын ийнесинин жип сымал ичке бези бөлүп чыгарган уу суюктук; ар түрдүү хим. аралашмадан турган татаал зат. Анда активдүү фермент, белок, бош аминкислоталары, гистамин ж. б. болот. А. у. кургак түрүндө күчүн жоготпой көп жыл сакталат. Аары чакканда болжол менен 0,2-0,3 мг уу бөлүп чыгарат ж-a ал уу тирүү клеткалардын цитоплазмасын эритет. Сүт эмүүчү жаныбардын организми аары чакканда татаал комплекстүү реакция менен жооп кайтарат. А. у. элдик медицинада дары катары эзелтен колдонулат. А. у-нан 1-жолу 1927-ж. Германияда дары-дармектер жасалган. Европа, Америка мамлекеттеринде препараттар (апизартрон, вирапин, венапиолин, токсапин) чыгарылат. А. у-нун препараттары кызыл жүгүрүк, куяң ж. б. четки нерв системасынын, кан тамыр (эндартерикоз, атеросклероз) ооруларын, кептөөр, гипертония, тиреотоксикозду дарылоодо, сезгенүүнү айыктырууда, ооруну басаңдатууда, муун, булчуң, кан тамыр ж. б. ооруларына суюк май түрүндө пайдаланылат.