Difference between revisions of "АСКЕРДИК КЫЛМЫШТАР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
1 -сап: 1 -сап:
аскер кызматкерлеринин ж-а атайын аскердик даярдыктан өтүп жатышкан аскер кызматына милдеттүүлөрдүн аскердик кызматты аткаруу тартибине сыйбаган аракеттери. Аскердик тартипти бузуу, аскердик кызмат өтөөдөн баш тартуу, аскер мүлктөрүн ысырап кылуу, жоготуу, кароол ж-а чек ара кызматынын уставдагы эрежелерин бузуу, аскердик сырды жарыя кылуу ж. б. кылмыштар А. к-га кирет. А. к-дын ичинен коомго коркунучтуу аракет же аракетсиздик м-н жасалган кылмыштарга – башчыга каршылык
'''АСКЕРДИК КЫЛМЫШТАР–''' аскер кызматкерлеринин ж-а атайын аскердик даярдыктан өтүп жатышкан аскер кызматына милдеттүүлөрдүн аскердик кызматты аткаруу тартибине сыйбаган аракеттери. Аскердик тартипти бузуу, аскердик кызмат өтөөдөн баш тартуу, аскер мүлктөрүн ысырап кылуу, жоготуу, кароол ж-а чек ара кызматынын уставдагы эрежелерин бузуу, аскердик сырды жарыя кылуу ж. б. кылмыштар А. к-га кирет. А. к-дын ичинен коомго коркунучтуу аракет же аракетсиздик м-н жасалган кылмыштарга – башчыга каршылык көрсөтүү же анын кызматтык милдеттерин бузууга мажбурлоо, зомбулук жасоо, буйрукту аткарбоо, бөлүктү же кызмат ордун ээнбаш таштап кетүү; байкоостон жасалган аскердик кылмыштарга – аскердик мүлктү жок кылуу же<br>бүлүндүрүү, машиналарды айдоо же пайдалануу, о. эле учуу же ага даярдануунун эрежелерин бузуу кирет. Акыл-эси соо, 18 жашка толгон, аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчылары ж-а аскердик жыйындарда жүргөн запастагы жарандар А. к. субъектиси деп эсептелет. Согуш мезгилинде же болбосо согуш кырдаалынын шарттарында жасалган А. к. үчүн жоопкерчилик согуш мезгилинин мыйзамдары м-н аныкталат. Бул кылмыштарды ''аскер прокуратурасынын'' тергөөчүлөрү тергейт.<br>
көрсөтүү же анын кызматтык милдеттерин бузууга мажбурлоо, зомбулук жасоо, буйрукту
аткарбоо, бөлүктү же кызмат ордун ээнбаш таштап кетүү; байкоостон жасалган аскердик кылмыштарга – аскердик мүлктү жок кылуу же<br>
бүлүндүрүү, машиналарды айдоо же пайдалануу,
о. эле учуу же ага даярдануунун эрежелерин
бузуу кирет. Акыл-эси соо, 18 жашка толгон,
аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчылары ж-а аскердик жыйындарда жүргөн запастагы жарандар А. к. субъектиси деп эсептелет.
Согуш мезгилинде же болбосо согуш кырдаалынын шарттарында жасалган А. к. үчүн жоопкерчилик согуш мезгилинин мыйзамдары м-н
аныкталат. Бул кылмыштарды ''аскер прокуратурасынын'' тергөөчүлөрү тергейт.<br>
 

12:07, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы

АСКЕРДИК КЫЛМЫШТАР– аскер кызматкерлеринин ж-а атайын аскердик даярдыктан өтүп жатышкан аскер кызматына милдеттүүлөрдүн аскердик кызматты аткаруу тартибине сыйбаган аракеттери. Аскердик тартипти бузуу, аскердик кызмат өтөөдөн баш тартуу, аскер мүлктөрүн ысырап кылуу, жоготуу, кароол ж-а чек ара кызматынын уставдагы эрежелерин бузуу, аскердик сырды жарыя кылуу ж. б. кылмыштар А. к-га кирет. А. к-дын ичинен коомго коркунучтуу аракет же аракетсиздик м-н жасалган кылмыштарга – башчыга каршылык көрсөтүү же анын кызматтык милдеттерин бузууга мажбурлоо, зомбулук жасоо, буйрукту аткарбоо, бөлүктү же кызмат ордун ээнбаш таштап кетүү; байкоостон жасалган аскердик кылмыштарга – аскердик мүлктү жок кылуу же
бүлүндүрүү, машиналарды айдоо же пайдалануу, о. эле учуу же ага даярдануунун эрежелерин бузуу кирет. Акыл-эси соо, 18 жашка толгон, аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчылары ж-а аскердик жыйындарда жүргөн запастагы жарандар А. к. субъектиси деп эсептелет. Согуш мезгилинде же болбосо согуш кырдаалынын шарттарында жасалган А. к. үчүн жоопкерчилик согуш мезгилинин мыйзамдары м-н аныкталат. Бул кылмыштарды аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү тергейт.