Difference between revisions of "АРГЫМАК"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АРГЫМАК'''– Жакынкы ж-а О. Чыгыш өлкөлөрүндөгү асыл тукум минги жылкынын байыр­кы аты. Таза тукумдуу минги, буденный, араб,ахалтеке ж-а англис жылкысынын сымбаттуу, чымыр күлүгүн А. деп аташат. Кыргыз элинин турмушунда А. байыртадан «чапса күлүк, сатса пул» катары асыралып келген. Алгач жапайы жылкы азык-түлүк иретинде колдонулган. Акырындап, колго үйрөтүлүп мингич, унаа катары кеңири пайдаланылган. Изилдөөчүлөр минги аттарды адегенде Борб. Азияда өстүргөн деп эсептешет. Б. з. ч. 2–1-к-га таандык жазма булактар, маалыматтар б-ча А. жылкыларды өстүргөн 2 борбор: Бактрия ж-а Даван белгилүү. Фергана өрөөнүндөгү ''Даван мамлекетинин'' жылкылары сымбаты, сыны, турпаты ж-а күлүктүгү м-н өзгөчө даңазаланган. Аларды «Асмандан түшкөн аргымактар» деп аташып, бүт Фергана өрөөнү сыймыктанган.

[[File: АРГЫМАК_56.png| thumb | none]] | [[File: АРГЫМАК_56.png| thumb | none]] | ||
Коңшулаш элдерге ж-а алыскы өлкөлөргө чейин Даван А-тарынын атагы тарап, соода-сатыкта өтө жогору бааланган. Жаз­ма маалыматтарда «баалуу жылкылар» үчүн кытайлыктар Даванга бир нече жолу кол салгандыгы ж-дө айтылат. Даван А-нын алтындан жасалган айкели падышанын сарайында турган. Археол. изилдөөлөр учурунда Аравандагы Дулдул-Ата мазарындагы аскада моюну «ак куудай» койкойгон, башы кичине, буттары ичке, келишимдүү аттар тартылган, о. эле ушул сыяктуу сүрөттөр Сулайман тоодон да табылган | Коңшулаш элдерге ж-а алыскы өлкөлөргө чейин Даван А-тарынын атагы тарап, соода-сатыкта өтө жогору бааланган. Жаз­ма маалыматтарда «баалуу жылкылар» үчүн кытайлыктар Даванга бир нече жолу кол салгандыгы ж-дө айтылат. Даван А-нын алтындан жасалган айкели падышанын сарайында турган. Археол. изилдөөлөр учурунда Аравандагы Дулдул-Ата мазарындагы аскада моюну «ак куудай» койкойгон, башы кичине, буттары ичке, келишимдүү аттар тартылган, о. эле ушул сыяктуу сүрөттөр Сулайман тоодон да табылган.

[[File:АРГЫМАК_57.png | thumb | «Асман аттары». Айырмач тоосундагы (Фергана) аска бетиндеги сүрөттөр.]] | [[File:АРГЫМАК_57.png | thumb | «Асман аттары». Айырмач тоосундагы (Фергана) аска бетиндеги сүрөттөр.]] | ||
Азыркы мезгилде түркмөндөрдүн дүйнө тааныган ахалтеке А-тарын алардын тукумдары деп айтышат. Өлкөбүздөгү № 54, Бишкектеги ат чабылуучу жай ж. б. асыл тукум жылкы өстүрүүчү чарбаларда асыл тукум А. жылкылар: араб, ахалтеке, буденный, дон, англис, о. эле кыргыз жаңы жылкысы өстүрүлөт. Алар бири-биринен дене түзүлүшү, өңү-түсү, күлүктүгү м-н айырмаланып, кыргыз жылкысынын тукумун жакшыртуу ж-а ат спорту үчүн пайдаланылат. Мурда А. жылкылар алты жашка чейин эле күлүккө чабылса, бүгүнкү күндө жылына 3 ай эле (кышында) эс алат да, дайыма ат чабыш, аламан байге үчүн тапталып, чабыла берет. «Манас» эпосунда: «Манас жана анын кырк чоросу тулпар, нойондор – буудан, берендер – тобурчак минишкен, ал эми атчан жоокерлердин жоого минген аттары – аргымак болгон» деп айтылат.
''Ш. Керимова.''
| Азыркы мезгилде түркмөндөрдүн дүйнө тааныган ахалтеке А-тарын алардын тукумдары деп айтышат. Өлкөбүздөгү № 54, Бишкектеги ат чабылуучу жай ж. б. асыл тукум жылкы өстүрүүчү чарбаларда асыл тукум А. жылкылар: араб, ахалтеке, буденный, дон, англис, о. эле кыргыз жаңы жылкысы өстүрүлөт. Алар бири-биринен дене түзүлүшү, өңү-түсү, күлүктүгү м-н айырмаланып, кыргыз жылкысынын тукумун жакшыртуу ж-а ат спорту үчүн пайдаланылат. Мурда А. жылкылар алты жашка чейин эле күлүккө чабылса, бүгүнкү күндө жылына 3 ай эле (кышында) эс алат да, дайыма ат чабыш, аламан байге үчүн тапталып, чабыла берет. «Манас» эпосунда: «Манас жана анын кырк чоросу тулпар, нойондор – буудан, берендер – тобурчак минишкен, ал эми атчан жоокерлердин жоого минген аттары – аргымак болгон» деп айтылат.
''Ш. Керимова.''

15:54, 30 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АРГЫМАК– Жакынкы ж-а О. Чыгыш өлкөлөрүндөгү асыл тукум минги жылкынын байыркы аты. Таза тукумдуу минги, буденный, араб,ахалтеке ж-а англис жылкысынын сымбаттуу, чымыр күлүгүн А. деп аташат. Кыргыз элинин турмушунда А. байыртадан «чапса күлүк, сатса пул» катары асыралып келген. Алгач жапайы жылкы азык-түлүк иретинде колдонулган. Акырындап, колго үйрөтүлүп мингич, унаа катары кеңири пайдаланылган. Изилдөөчүлөр минги аттарды адегенде Борб. Азияда өстүргөн деп эсептешет. Б. з. ч. 2–1-к-га таандык жазма булактар, маалыматтар б-ча А. жылкыларды өстүргөн 2 борбор: Бактрия ж-а Даван белгилүү. Фергана өрөөнүндөгү Даван мамлекетинин жылкылары сымбаты, сыны, турпаты ж-а күлүктүгү м-н өзгөчө даңазаланган. Аларды «Асмандан түшкөн аргымактар» деп аташып, бүт Фергана өрөөнү сыймыктанган.
Коңшулаш элдерге ж-а алыскы өлкөлөргө чейин Даван А-тарынын атагы тарап, соода-сатыкта өтө жогору бааланган. Жазма маалыматтарда «баалуу жылкылар» үчүн кытайлыктар Даванга бир нече жолу кол салгандыгы ж-дө айтылат. Даван А-нын алтындан жасалган айкели падышанын сарайында турган. Археол. изилдөөлөр учурунда Аравандагы Дулдул-Ата мазарындагы аскада моюну «ак куудай» койкойгон, башы кичине, буттары ичке, келишимдүү аттар тартылган, о. эле ушул сыяктуу сүрөттөр Сулайман тоодон да табылган.
Азыркы мезгилде түркмөндөрдүн дүйнө тааныган ахалтеке А-тарын алардын тукумдары деп айтышат. Өлкөбүздөгү № 54, Бишкектеги ат чабылуучу жай ж. б. асыл тукум жылкы өстүрүүчү чарбаларда асыл тукум А. жылкылар: араб, ахалтеке, буденный, дон, англис, о. эле кыргыз жаңы жылкысы өстүрүлөт. Алар бири-биринен дене түзүлүшү, өңү-түсү, күлүктүгү м-н айырмаланып, кыргыз жылкысынын тукумун жакшыртуу ж-а ат спорту үчүн пайдаланылат. Мурда А. жылкылар алты жашка чейин эле күлүккө чабылса, бүгүнкү күндө жылына 3 ай эле (кышында) эс алат да, дайыма ат чабыш, аламан байге үчүн тапталып, чабыла берет. «Манас» эпосунда: «Манас жана анын кырк чоросу тулпар, нойондор – буудан, берендер – тобурчак минишкен, ал эми атчан жоокерлердин жоого минген аттары – аргымак болгон» деп айтылат.
Ш. Керимова.