Difference between revisions of "АТ КУЛАК"
Jump to navigation
Jump to search
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АТ КУЛАК''' (Rumex L) ‒ өсүмдүктөрдүн кымыздыктар тукумундагы бир ж-а көп жылдык чөп өсүмдүгү. Сабагы түз, бутактуу, жалбырагы узун, сүйрү, чоӊ, саптуу. Гүлү жашыл, эки же бир жыныстуу, топ гүлү шыпыргы. Мөмөсү үч кырдуу, даны жалтырак. Анын 150 түрү белгилүү, Кыргызстанда 13 түрү (кадимки, тармал, теӊир тоо А.к. ж. б.) кездешет. Короо-жай тегерегинде, көлмө, жол, арык бойлорунда ж. б. өсөт. Мал жебейт. А. к-тын дээрлик бардык түрү отоо чөп. Каршы күрөшүү чаралары: жерди тереӊ айдап, тамырын жыйнап жок кылуу, уругу быша электе оруп, чаап таштоо. Кадимки А. к. атайы өстүрүлүп, жалбырагы тамакка пайдаланылат.<br> |
14:41, 24 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АТ КУЛАК (Rumex L) ‒ өсүмдүктөрдүн кымыздыктар тукумундагы бир ж-а көп жылдык чөп өсүмдүгү. Сабагы түз, бутактуу, жалбырагы узун, сүйрү, чоӊ, саптуу. Гүлү жашыл, эки же бир жыныстуу, топ гүлү шыпыргы. Мөмөсү үч кырдуу, даны жалтырак. Анын 150 түрү белгилүү, Кыргызстанда 13 түрү (кадимки, тармал, теӊир тоо А.к. ж. б.) кездешет. Короо-жай тегерегинде, көлмө, жол, арык бойлорунда ж. б. өсөт. Мал жебейт. А. к-тын дээрлик бардык түрү отоо чөп. Каршы күрөшүү чаралары: жерди тереӊ айдап, тамырын жыйнап жок кылуу, уругу быша электе оруп, чаап таштоо. Кадимки А. к. атайы өстүрүлүп, жалбырагы тамакка пайдаланылат.