Difference between revisions of "АТОМ АРАЛЫК АРАКЕТТЕШҮҮ"
Jump to navigation
Jump to search
556-684>KadyrM |
|||
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АТОМ АРАЛЫК АРАКЕТТЕШҮҮ''' ‒ эркин абалдагы, о. эле бир же ар түрдүү молекулалардын, кристаллдардын ж. б. заттардын курамына кирүүчү атомдордун бири-бири м-н өз ара байланыштары. Алар ''коваленттик, иондук, металлдык,'' ж-а ван-дер-ваальстык аракеттешүү болуп бөлүнөт. Биринчи үч типтеги аракеттешүү молекулаларда, атомдук ж-а иондук, металлдык кристаллдарда хим. байланыштын пайда болушуна себепкер; ван-дер-ваальстык аракеттешүү молекула аралык өз ара аракетти шарттайт. Коваленттик, иондук, металлдык аракеттешүүнүн энергиясы ~10<sup>2 </sup>''кДж/моль,'' суутектик аракеттешүүнүкү ~10‒50 ''кДж/моль'' ж-а ван-дер-ваальстык аракеттешүүнүкү ‒0,1‒1 ''кДж/моль.'' Жогоруда аталган күчтөр атомдор же молекулалар аралык тартылууну шарттайт. Мындан тышкары атомдор белгилүү аралыкка жакындаганда алардын ортосунда түртүлүү күчү пайда болуп ''Паули принциби'' м-н түшүндүрүлөт. Тартылуу ж-а түртүлүү күчүнүн теӊ салмактуу абалы туруктуу молекулалар же кристаллдардын системасын пайда кылат.<br> | |||
14:18, 23 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АТОМ АРАЛЫК АРАКЕТТЕШҮҮ ‒ эркин абалдагы, о. эле бир же ар түрдүү молекулалардын, кристаллдардын ж. б. заттардын курамына кирүүчү атомдордун бири-бири м-н өз ара байланыштары. Алар коваленттик, иондук, металлдык, ж-а ван-дер-ваальстык аракеттешүү болуп бөлүнөт. Биринчи үч типтеги аракеттешүү молекулаларда, атомдук ж-а иондук, металлдык кристаллдарда хим. байланыштын пайда болушуна себепкер; ван-дер-ваальстык аракеттешүү молекула аралык өз ара аракетти шарттайт. Коваленттик, иондук, металлдык аракеттешүүнүн энергиясы ~102 кДж/моль, суутектик аракеттешүүнүкү ~10‒50 кДж/моль ж-а ван-дер-ваальстык аракеттешүүнүкү ‒0,1‒1 кДж/моль. Жогоруда аталган күчтөр атомдор же молекулалар аралык тартылууну шарттайт. Мындан тышкары атомдор белгилүү аралыкка жакындаганда алардын ортосунда түртүлүү күчү пайда болуп Паули принциби м-н түшүндүрүлөт. Тартылуу ж-а түртүлүү күчүнүн теӊ салмактуу абалы туруктуу молекулалар же кристаллдардын системасын пайда кылат.