Difference between revisions of "АНТИКАЛЫК КӨРКӨМ ИСКУССТВО"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АНТИКАЛЫК КӨРКӨМ ИСКУССТВО''' | '''АНТИКАЛЫК КӨРКӨМ ИСКУССТВО,''' б а й ы р к ы д ү й н ө н ү н к ө р к ө м и с к у с с т в о с у – Жер Ортолук деңизинин ж-а Жакынкы Азия өлкөлөрүндө (Байыркы Грекия ж-а эллиндик мамлекеттер, Байыркы Рим республикасы ж-а биздин замандын 1-миң жылдыгынын 1-жарымындагы Рим империясы) өнүккөн көркөм искусство.<br>Антикалык көркөм искусствонун ''архаика, классика, эллинизм,'' Рим искусствосу'' сыяктуу'' негизги этаптарды басып өткөн''.'' Төртүнчү этап бир нече стадияларга бөлүнөт | ||
ж-а эллиндик мамлекеттер, Байыркы Рим республикасы ж-а | |||
жарымындагы Рим империясы) өнүккөн көркөм<br> | |||
. | ж-а Римден баштап, Рим империясынын кризис дооруна чейинки мезгилди өз ичине камтыйт. Антикалык көркөм искусствонун эң жемиштүү учуру ж-а анын негизги тенденцияларына мүнөздүү көрүнүш б. з. ч. 5-6-кылымдардагы грек классикасынын мезгили болгон. Кудайлардын ж-а мифологиялык каармандардын образында грек сүрөтчүлөрү рухий дүйнөсү м-н дене сулуулугу айкалыша өнүккөн кайраттуу адам – атуулдун идеалын чагылдырышкан. Мына ушул эстетикалык идеалдын астында бүткүл көркөм искусствонун башка түрлөрү өнүккөн. Скульптурада антикалык көркөм искусствонун сүймөнчүлүктүү образы – кемтиксиз адамды чагылдырган статуянын тиби үстөмдүк кылган; адам денесинин ийкемдүү (пластикалык) көркөмдүгү байыркы скульпторлор тарабынан чоң чеберчиликте берилген. ''Вазопистин'' кээ бир түрлөрүн, римдик мезгилге таандык ''фреска'' м-н ''мозаиканын'' кээ бир үлгүлөрүн эске албаганда, байыркы живопись дээрлик сакталган эмес. Бирок адабий булактарга | ||
ж-а | |||
караганда ал эллинизм доорунда жогорку деңгээлде өнүккөн. Антикалык драматургия Европадагы адабияттын драмалык түрүнүн эң алгачкысы болуп, ал өзүнө негизги түрлөрүн – ''трагедияны'' ж-а ''комедияны'' камтыган. Анын негизинде пайда болгон драмалык поэзиянын антикалык теориясы (Аристотель, Гораций ж. б.) европа драматургиясына чоң таасир тийгизген (Корнель, Расин, Мольер, Гёте, Шиллер ж. б.). Рим империясынын кулашы ж-а кул ээлөөчүлүк түзүлүштүн кыйрашы м-н антикалык көркөм искусство бүткөн, бирок анын салттары бүткүл дүйнөлүк көркөм маданиятты байытты. Бул айрыкча ''Кайра жаралуу'' доорундагы көркөм өнөрдө абдан байкалды. Антикалык көркөм искусство Жер Ортолук деңизинин ж-а Жакынкы Азия элдеринин ошол мезгилдеги бүт маданият тарыхын (дегеле бүткүл тарыхты) өз ичине камтыйт.[[File:АНТИКАЛЫК КӨРКӨМ ИСКУССТВО_110.png | thumb | Принц Рахотеп жана анын аялы Нофрет (IV династия). Статуя эки башка акиташ блогунан чегилген. Көздөрү инкрустацияланып боёлгон ж-а статуялар ушул убакка чейин абдан жакшы сакталган. Аялдын ж-а эркектин өңдөрүнөн байыркы египеттиктерге мүнөздүү болгон айырманы көрүүгө болот.]] | |||
ж-а | |||
[[File:АНТИКАЛЫК КӨРКӨМ ИСКУССТВО_111.png | thumb | Эксекий. Аякс ж-а Ахилл. Амфора жазуусу. Б. з. ч.<br> 530-ж. Рим. Ватикан.]] | |||
Рим | |||
10:47, 23 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АНТИКАЛЫК КӨРКӨМ ИСКУССТВО, б а й ы р к ы д ү й н ө н ү н к ө р к ө м и с к у с с т в о с у – Жер Ортолук деңизинин ж-а Жакынкы Азия өлкөлөрүндө (Байыркы Грекия ж-а эллиндик мамлекеттер, Байыркы Рим республикасы ж-а биздин замандын 1-миң жылдыгынын 1-жарымындагы Рим империясы) өнүккөн көркөм искусство.
Антикалык көркөм искусствонун архаика, классика, эллинизм, Рим искусствосу сыяктуу негизги этаптарды басып өткөн. Төртүнчү этап бир нече стадияларга бөлүнөт
ж-а Римден баштап, Рим империясынын кризис дооруна чейинки мезгилди өз ичине камтыйт. Антикалык көркөм искусствонун эң жемиштүү учуру ж-а анын негизги тенденцияларына мүнөздүү көрүнүш б. з. ч. 5-6-кылымдардагы грек классикасынын мезгили болгон. Кудайлардын ж-а мифологиялык каармандардын образында грек сүрөтчүлөрү рухий дүйнөсү м-н дене сулуулугу айкалыша өнүккөн кайраттуу адам – атуулдун идеалын чагылдырышкан. Мына ушул эстетикалык идеалдын астында бүткүл көркөм искусствонун башка түрлөрү өнүккөн. Скульптурада антикалык көркөм искусствонун сүймөнчүлүктүү образы – кемтиксиз адамды чагылдырган статуянын тиби үстөмдүк кылган; адам денесинин ийкемдүү (пластикалык) көркөмдүгү байыркы скульпторлор тарабынан чоң чеберчиликте берилген. Вазопистин кээ бир түрлөрүн, римдик мезгилге таандык фреска м-н мозаиканын кээ бир үлгүлөрүн эске албаганда, байыркы живопись дээрлик сакталган эмес. Бирок адабий булактарга
караганда ал эллинизм доорунда жогорку деңгээлде өнүккөн. Антикалык драматургия Европадагы адабияттын драмалык түрүнүн эң алгачкысы болуп, ал өзүнө негизги түрлөрүн – трагедияны ж-а комедияны камтыган. Анын негизинде пайда болгон драмалык поэзиянын антикалык теориясы (Аристотель, Гораций ж. б.) европа драматургиясына чоң таасир тийгизген (Корнель, Расин, Мольер, Гёте, Шиллер ж. б.). Рим империясынын кулашы ж-а кул ээлөөчүлүк түзүлүштүн кыйрашы м-н антикалык көркөм искусство бүткөн, бирок анын салттары бүткүл дүйнөлүк көркөм маданиятты байытты. Бул айрыкча Кайра жаралуу доорундагы көркөм өнөрдө абдан байкалды. Антикалык көркөм искусство Жер Ортолук деңизинин ж-а Жакынкы Азия элдеринин ошол мезгилдеги бүт маданият тарыхын (дегеле бүткүл тарыхты) өз ичине камтыйт.