Difference between revisions of "АНДЕРСЕН-НЕКСЁ Мартин"
Jump to navigation
Jump to search
м (Mariya moved page АНДЕРСЕН-НЕКСЁ to АНДЕРСЕН-НЕКСЁ Мартин) |
|
(Айырма жок)
|
15:00, 22 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АНДЕРСЕН-НЕКСЁ Мартин (26. 6. 1869, Копенгаген -1.6. 1954, Дрезден) – дания жазуучусу. Адабий ишин 1893-ж. баштаган. Анын «Жеңишчил Пелле» (1906–10) романында 1-дүйнөлүк согуш жылдарындагы милитаризмге, шовинизмге каршы күрөш сүрөттөлгөн. Ал эми 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде империализмди ашкерелеген «Кызыл Мортен» романын жазган. Ал дания адабиятында реализмдин өнүгүшүнө негиз салган. «Дитте – адам баласы» аттуу романы, аңгемелери, публицистикалык чыгармалары, «Эскермелер» (1932-39) повести бар. Адабияттагы эмгеги үчүн ага Германиянын өкмөтү Улуттук сыйлыгын берген. Айрым чыгармалары кыргыз тилине («Жанетта» романы, 1974, ж. б.) которулган.