Difference between revisions of "АНДЕРСЕН Ханс Кристиан"
м (Mariya moved page АНДЕРСЕН to АНДЕРСЕН Ханс Кристиан) |
|
(Айырма жок)
|
11:16, 22 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АНДЕРСЕН Ханс Кристиан (2. 4. 1805, Оденсе - 4. 8. 1875, Копенгаген) – дания жазуучусу. Өтүкчүнүн үй-бүлөсүндө туулган. Копенгаген университетинде окуган. Ал «Өлүм алдындагы бала» ыры (1826-27), «Амагердеги сейилдикке чыгуу» романтикалык фантазиялуу очерки (1929) м-н таанылган. «Мулат» драмасында (1839), «Эки баронесса» романында (1849) феодалдык доор сынга алынган. Ошондой эле «Импровизатор» (1835) ж-а «Жөнөкөй скрипач» (1937) романдарында искусствонун коомдогу ролу, акын м-н айлана-чөйрөнүн ортосундагы конфликт көрсөтүлгөн. Х. Андерсендин 1930-40-жылдардагы элдик оозеки чыгармалардын мотивинде жазылган
жомокторунда адамдар ортосундагы мамилелер м-н жаратылыштын сулуулугу сүрөттөлөт, адилеттүүлүк даңазаланат. 160тан ашуун жомок жазып, алар дүйнө элине
тараган. Анын «Булбул», «Көлөкө» ж. б. жомоктору кыргыз тилине которулуп (1938-39), кийин өзүнчө жыйнак болуп чыккан (1959).