Difference between revisions of "АНТИСЕПТИКА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
1 -сап: 1 -сап:
''(анти ...'' ж-а гр. septikos -
'''АНТИСЕПТИКА''' ''(анти ...'' ж-а гр. septikos -ириң) – хим., физ., биол. каражаттарды колдонуу м-н зыяндуу микробдордун өсүп, өнүгүшүнө жол бербөө ж-а жараттын ириңдеп кетүүсүнөн сактоо чаралары. Хирург, операцияларда кеңири колдонулуп, жаратка түшкөн микробдорго   каршы, о. эле дарылоого багытталган. Инфекциялык кабылдоолордун себебин венгриялык акушер И. Земмельвейс ж-а орус хирургу Н. И. Пирогов туура түшүндүрүшкөн. Н. И. Пирогов сезгенген жаратта «миазм» пайда болуп, аны ириңдетип, шишитип, жараттан абага бөлүнүп, башка оорулуунун жаратын, о. эле таңгыч материалдарды булгай тургандыгын айткан. 1863-ж. фр. микробиологу Л. Пастер ''ачуу'' ж-а ириндөө микроорганизмдердин тиричилигинен болорун далилдеген. Англ. хирург Д. Листер Л. Пастердин изилдөөлөрүнүн ж-а өзүнүн байкоолорунун негизинде операциядан кийинки инфекциялык кабылдоолорду жаратка түшкөн микроорганизмдер пайда кылат деп, аларга каршы теориялык негизделген чараларды, б. а. А-ны сунуш кылган (1867). Бактерициддик каражат катары карбол к-тасы колдонулган. Анын эритмеси м-н аспаптар, операция алдында хирургдун колу, операция бөлмөсү тазаланган. Бул ыкма өтө натыйжалуу болуп, тез тараган. Бирок карбол к-тасы микробду өлтүргөнү м-н уу болгондуктан, жараттын тканын бузуп, аны м-н дем алганда жалпы ууланууну пайда кылган. Барабара уусу аз антисептик каражаттар (иоддун спирттеги 5-10�% түү эритмеси, спирт, формалин, фурациллин, марганцовка ж. б.), микробду зыянсыздандыруунун жаңы жолдору табылды.
ириң) – хим., физ., биол. каражаттарды колдонуу м-н зыяндуу микробдордун өсүп, өнүгүшүнө
жол бербөө ж-а жараттын ириңдеп кетүүсүнөн
сактоо чаралары. Хирург, операцияларда кеңири колдонулуп, жаратка түшкөн микробдорго
каршы, о. эле дарылоого багытталган. Инфекциялык кабылдоолордун себебин венгриялык
акушер И. Земмельвейс ж-а орус хирургу Н. И. Пирогов туура түшүндүрүшкөн. Н. И. Пирогов сезгенген жаратта «миазм» пайда болуп, аны ириңдетип, шишитип, жараттан абага бөлүнүп, башка оорулуунун жаратын, о. эле таңгыч материал -
дарды булгай тургандыгын айткан. 1863-ж. фр.
микробиологу JI. Пастер ''ачуу'' ж-а ириндөө микроорганизмдердин тиричилигинен болорун далилдеген. Англ. хирург Д. Листер Л. Пастердин
изилдөөлөрүнүн ж-а өзүнүн байкоолорунун негизинде операциядан кийинки инфекциялык
кабылдоолорду жаратка түшкөн микроорганизмдер пайда кылат деп, аларга каршы теориялык негизделген чараларды, б. а. А-ны сунуш
кылган (1867). Бактерициддик каражат катары карбол к-тасы колдонулган. Анын эритмеси
м-н аспаптар, операция алдында хирургдун колу, операция бөлмөсү тазаланган. Бул ыкма өтө
натыйжалуу болуп, тез тараган. Бирок карбол
к-тасы микробду өлтүргөнү м-н уу болгондуктан, жараттын тканын бузуп, аны м-н дем алганда жалпы ууланууну пайда кылган. Барабара уусу аз антисептик каражаттар (иоддун
спирттеги 5-10 % түү эритмеси, спирт, формалин,
фурациллин, марганцовка ж. б.), микробду зыянсыздандыруунун жаңы жолдору табылды.
 

11:08, 15 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы

АНТИСЕПТИКА (анти ... ж-а гр. septikos -ириң) – хим., физ., биол. каражаттарды колдонуу м-н зыяндуу микробдордун өсүп, өнүгүшүнө жол бербөө ж-а жараттын ириңдеп кетүүсүнөн сактоо чаралары. Хирург, операцияларда кеңири колдонулуп, жаратка түшкөн микробдорго каршы, о. эле дарылоого багытталган. Инфекциялык кабылдоолордун себебин венгриялык акушер И. Земмельвейс ж-а орус хирургу Н. И. Пирогов туура түшүндүрүшкөн. Н. И. Пирогов сезгенген жаратта «миазм» пайда болуп, аны ириңдетип, шишитип, жараттан абага бөлүнүп, башка оорулуунун жаратын, о. эле таңгыч материалдарды булгай тургандыгын айткан. 1863-ж. фр. микробиологу Л. Пастер ачуу ж-а ириндөө микроорганизмдердин тиричилигинен болорун далилдеген. Англ. хирург Д. Листер Л. Пастердин изилдөөлөрүнүн ж-а өзүнүн байкоолорунун негизинде операциядан кийинки инфекциялык кабылдоолорду жаратка түшкөн микроорганизмдер пайда кылат деп, аларга каршы теориялык негизделген чараларды, б. а. А-ны сунуш кылган (1867). Бактерициддик каражат катары карбол к-тасы колдонулган. Анын эритмеси м-н аспаптар, операция алдында хирургдун колу, операция бөлмөсү тазаланган. Бул ыкма өтө натыйжалуу болуп, тез тараган. Бирок карбол к-тасы микробду өлтүргөнү м-н уу болгондуктан, жараттын тканын бузуп, аны м-н дем алганда жалпы ууланууну пайда кылган. Барабара уусу аз антисептик каражаттар (иоддун спирттеги 5-10�% түү эритмеси, спирт, формалин, фурациллин, марганцовка ж. б.), микробду зыянсыздандыруунун жаңы жолдору табылды.