Difference between revisions of "АК-СУУ (ГРИГОРЬЕВКА) ЖАРЫМ АРАЛЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

 Ысык-Көлдүн түн. жээгинин орто бөлүгүндө жайгашкан. Көлгө 5 км кирип турат. Негизи 26 кмге созулган (Корумду ‒ Ананьев сызыгы б-ча) трапецияны элестетет. Жээк сызыгынын уз. 21,9км. Көп бөлүгү Чоӊ Ак-Суу, Ак-Суу, Тегирменти, Карачан сууларынын шиленди конустарынан түзүлгөн жантайыӊкы аккумуляциялык-пролю вий түздүгү. Орто бөлүгүн Чоӊ Ак-Суу, Ак-Суунун тереӊ сайлары (туурасы 0,3‒1,5 км) ээлейт. Голоцендик тектирлердин жазылыгы 0,4‒1,8км; чыгышы Чоӊ Ак-Суу колтугуна чейин саздак, кум жалчаларынан турат; батышы таштак. Чоӊ Ак-Суу колтугунун төр жагы кум жайылып, тайыздап бараткандыктан, ал кеме токтоочу жай катары маанисин жоготууда. Анын жээгинде Григорьевка кеметурагы, кыштак, балык комбинаты, күйүүчү-майлоочу май базасы жайгашкан.