Difference between revisions of "АЙЫПКЕР"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЙЫПКЕР''' – сот процессине чейин тергөө жү­рүшүндө ага карата тергөө токтому чыккан адам. А‑дин жазык иши сот отуруму (заседаниеси) дайындалгандан кийин соттолуучу адам деп аталат. Айыпталуучунун кылмыш иш жасал­гандыгы ж‑дө далилдер толук болгондо гана тергөөчү токтом чыгарат. Токтом ким тарабы­нан, качан, кайсы жерде түзүлгөндүгү, А. ката­рына тартылуучу адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, кылмыш кайсы убакта, кайсы жерде, кандай жагдайда, ошол адамдын жаса­ган кылмышы КРдин Жазык кодексинин кай­сы статьясы м‑н жазаланары көрсөтүлөт. А. өзүнүн эмне үчүн айыпталып жаткандыгын билүүгө, коюлган айып б‑ча көрсөтмө ж‑а түшүнүк, далил, өтүнүч берүүгө, анын адвока­ты, жазык иш тергелип бүткөндөн кийин иш­теги материалдар м‑н таанышууга укуктуу. Тергөөдө ж‑а сотто А. тергөөчүнү, экспертти, котормочуну, прокурорду жазык иштен четте­тилишин сурап, өтүнүч жасай алат, сот отуру­муна катышып, иш б‑ча талап коёт, аппелля­ция иретинде каралган ишке катышып, ти­йиштүү өтүнүч м‑н кайрыла алат. ''Адвокаты'' тергөө ж‑а сот органдарынын буйруктарына баш ийүүгө милдеттүү, өз эне тилинде сүйлөөгө ж‑а котормочунун кызматынан пайдаланууга укук­туу. Буга А‑дин ''коргоочусу'' да укуктуу. Тергөө ж‑а сот органдары А‑дин укугунун толук атка­рылышын камсыз кылууга милдеттүү. А. кор­гоочудан ар убакта баш тартууга укугу бар. Кор­гоочу м‑н келишим түзүлгөндөн кийин А‑дин баш тартуу укугу жок. А‑дин жакын тууганда­ры жактоочу катары сот заседаниесине гана ка­тыша алышат. Тергөөдө адвокат гана катышат.<br> | |||
''К. Сманов.''<br> |
17:57, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АЙЫПКЕР – сот процессине чейин тергөө жүрүшүндө ага карата тергөө токтому чыккан адам. А‑дин жазык иши сот отуруму (заседаниеси) дайындалгандан кийин соттолуучу адам деп аталат. Айыпталуучунун кылмыш иш жасалгандыгы ж‑дө далилдер толук болгондо гана тергөөчү токтом чыгарат. Токтом ким тарабынан, качан, кайсы жерде түзүлгөндүгү, А. катарына тартылуучу адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, кылмыш кайсы убакта, кайсы жерде, кандай жагдайда, ошол адамдын жасаган кылмышы КРдин Жазык кодексинин кайсы статьясы м‑н жазаланары көрсөтүлөт. А. өзүнүн эмне үчүн айыпталып жаткандыгын билүүгө, коюлган айып б‑ча көрсөтмө ж‑а түшүнүк, далил, өтүнүч берүүгө, анын адвокаты, жазык иш тергелип бүткөндөн кийин иштеги материалдар м‑н таанышууга укуктуу. Тергөөдө ж‑а сотто А. тергөөчүнү, экспертти, котормочуну, прокурорду жазык иштен четтетилишин сурап, өтүнүч жасай алат, сот отурумуна катышып, иш б‑ча талап коёт, аппелляция иретинде каралган ишке катышып, тийиштүү өтүнүч м‑н кайрыла алат. Адвокаты тергөө ж‑а сот органдарынын буйруктарына баш ийүүгө милдеттүү, өз эне тилинде сүйлөөгө ж‑а котормочунун кызматынан пайдаланууга укуктуу. Буга А‑дин коргоочусу да укуктуу. Тергөө ж‑а сот органдары А‑дин укугунун толук аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү. А. коргоочудан ар убакта баш тартууга укугу бар. Коргоочу м‑н келишим түзүлгөндөн кийин А‑дин баш тартуу укугу жок. А‑дин жакын туугандары жактоочу катары сот заседаниесине гана катыша алышат. Тергөөдө адвокат гана катышат.
К. Сманов.