Difference between revisions of "АЗА КҮТҮҮ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЗА КҮТҮҮ''' – жакыны өлсө, туугандарынын аны жоктоп белгилүү убакытка чейин кайгыруу жөрөлгөсү. А. к. көп элдердин салтында бар. Кыргыздарда, айрыкча аялдардын А. к‑сү өтө оор болгон. Жесир аял күнүгө үч маал кошок кошуп, бир жыл бою үйүнөн чыкпай, кара кийип ''тул'' тартып олтурган. Бетин тытып, белине тасма тартып, кыл аркан төшөнүп отуруу сыяктуу ар кандай кыйноолорду тарткан. Кыргыздын өткөн турмушунда А. күтүүнүн белгиси катары жыл маалына чейин үйдүн түндүгүнөн ак, кызыл же көк түстөгү «аза туу» (союлган малдын куйругу тагылган укурук) чыгарып коюшкан. Ак «аза туу» маркумдун улгайгандыгын, көк «аза туу» өлгөн адамдын орто жашта болгонун, ал эми кызыл «аза туу» болсо маркумдун жаш экендигин билдирген. Жыл маалында туугандары, сөөк‑тамырлары «азалап» келип, куран окутушкан. Ашы берилгенден кийин азалуу туу жыгылып, каралуу күн токтотулган. <br> | '''АЗА КҮТҮҮ''' – жакыны өлсө, туугандарынын аны жоктоп белгилүү убакытка чейин кайгыруу жөрөлгөсү. А. к. көп элдердин салтында бар. Кыргыздарда, айрыкча аялдардын А. к‑сү өтө оор болгон. Жесир аял күнүгө үч маал кошок кошуп, бир жыл бою үйүнөн чыкпай, кара кийип ''тул'' тартып олтурган. Бетин тытып, белине тасма тартып, кыл аркан төшөнүп отуруу сыяктуу ар кандай кыйноолорду тарткан. Кыргыздын өткөн турмушунда А. күтүүнүн белгиси катары жыл маалына чейин үйдүн түндүгүнөн ак, кызыл же көк түстөгү «аза туу» (союлган малдын куйругу тагылган укурук) чыгарып коюшкан. Ак «аза туу» маркумдун улгайгандыгын, көк «аза туу» өлгөн адамдын орто жашта болгонун, ал эми кызыл «аза туу» болсо маркумдун жаш экендигин билдирген. Жыл маалында туугандары, сөөк‑тамырлары «азалап» келип, куран окутушкан. Ашы берилгенден кийин азалуу туу жыгылып, каралуу күн токтотулган.<br>''Б. Солтонбеков.''<br> | ||
''Б. Солтонбеков.''<br> |
16:07, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АЗА КҮТҮҮ – жакыны өлсө, туугандарынын аны жоктоп белгилүү убакытка чейин кайгыруу жөрөлгөсү. А. к. көп элдердин салтында бар. Кыргыздарда, айрыкча аялдардын А. к‑сү өтө оор болгон. Жесир аял күнүгө үч маал кошок кошуп, бир жыл бою үйүнөн чыкпай, кара кийип тул тартып олтурган. Бетин тытып, белине тасма тартып, кыл аркан төшөнүп отуруу сыяктуу ар кандай кыйноолорду тарткан. Кыргыздын өткөн турмушунда А. күтүүнүн белгиси катары жыл маалына чейин үйдүн түндүгүнөн ак, кызыл же көк түстөгү «аза туу» (союлган малдын куйругу тагылган укурук) чыгарып коюшкан. Ак «аза туу» маркумдун улгайгандыгын, көк «аза туу» өлгөн адамдын орто жашта болгонун, ал эми кызыл «аза туу» болсо маркумдун жаш экендигин билдирген. Жыл маалында туугандары, сөөк‑тамырлары «азалап» келип, куран окутушкан. Ашы берилгенден кийин азалуу туу жыгылып, каралуу күн токтотулган.
Б. Солтонбеков.