Difference between revisions of "АБДЫЛДАБЕК"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АБДЫЛДАБЕК''' Алымбек уулу (болжол м-н 1831/32–1876) – 1873–76-ж. кыргыздардын Кокон хандыгына ж-а орус баскынчыларына каршы күрөшүн жетектегендердин бири. ''Алымбек датка'' м-н ''Курманжан датканын'' тун уулу. 1862-ж. Алымбек датка хан сарайындагы кутумда өлтүрүлгөндөн кийин А. Ош ш-н башкарып калган. Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы 1865-ж. алайлык кыргыздар баштаган көтөрүлүш Кырг-ндын бардык түш. аймактарына тарап, 1873-ж. Фергананын борб. бөлүгүн камтыган. Ага кыргыздар гана эмес өзбек, тажик элдери да кошулган. Көтөрүлүшчүлөр кыргыздын ичкилик уруусунан чыккан Исхак Асан уулун ''Полот хан'' деп жарыялашкан. Ошол учурда аны жандап жүргөн А-тин бул окуяда салымы өтө зор. Көтөрүлүш ийгиликсиз аяктап, Полот хан орустар тарабынан даргага асылган. Кокон хандыгы биротоло жоюлуп, Россиянын үстөмдүгү орнотулган. Орус баскынчыларына каршы күрөш кыргыздардын арасында 1876-ж. августуна чейин улантылган. Анын башында Курманжан датка ж-а анын балдары турган. Күрөштү биротоло басуу үчүн орус аскерлери эки жолу аскердик жүрүшкө чыгууга аргасыз болушкан. 1876-ж. апрелде орус аскерлеринин отряды Алайдын Жаңырык капчыгайында А. баштаган кыргыз кошуунунун катуу каршылыгына кабылган. Жерг. чыккынчылардын жардамы м-н гана орус аскерлери коргонууда турган кыргыз кошуунунун артынан капысынан чабуул коюп, ийгиликке жетишкен. Бирок орус аскерлери тоо арасын аралап кеткен кыргыздардын изине түшүүгө даай албай, артка кайтууга аргасыз болгон. 1876-ж. июль-август айларында генерал Д. ''Скобелев'' 2-Алай экспедициясын уюштуруп, кыргыздарды жазалоого аракет кылган. Орус аскерлери А. баштаган кыргыздарды туткунга алууга мүмкүн эмес экендигине көзү жеткен соң, анын энеси Курманжан датканы Д. Скобелевге алып келишет. Ал датканы сый-урмат м-н тосуп алып, уулу А. баштаган кыргыздарды орус бийлигине баш ийдирип берүүнү өтүнгөн. Курманжан датка генералдын сунушун кабыл алууга аргасыз болуп, натыйжада алайлыктар (17380 түтүн) Россиянын бийлигин тааныган. Бирок, А. орус бийлигине баш ийгиси келбей Афганистанга өтүп кеткен. Ошол жерден көз жумуп, жүрөгү Алай жергесине алып келип коюлган.<br>

13:55, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы

АБДЫЛДАБЕК Алымбек уулу (болжол м-н 1831/32–1876) – 1873–76-ж. кыргыздардын Кокон хандыгына ж-а орус баскынчыларына каршы күрөшүн жетектегендердин бири. Алымбек датка м-н Курманжан датканын тун уулу. 1862-ж. Алымбек датка хан сарайындагы кутумда өлтүрүлгөндөн кийин А. Ош ш-н башкарып калган. Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы 1865-ж. алайлык кыргыздар баштаган көтөрүлүш Кырг-ндын бардык түш. аймактарына тарап, 1873-ж. Фергананын борб. бөлүгүн камтыган. Ага кыргыздар гана эмес өзбек, тажик элдери да кошулган. Көтөрүлүшчүлөр кыргыздын ичкилик уруусунан чыккан Исхак Асан уулун Полот хан деп жарыялашкан. Ошол учурда аны жандап жүргөн А-тин бул окуяда салымы өтө зор. Көтөрүлүш ийгиликсиз аяктап, Полот хан орустар тарабынан даргага асылган. Кокон хандыгы биротоло жоюлуп, Россиянын үстөмдүгү орнотулган. Орус баскынчыларына каршы күрөш кыргыздардын арасында 1876-ж. августуна чейин улантылган. Анын башында Курманжан датка ж-а анын балдары турган. Күрөштү биротоло басуу үчүн орус аскерлери эки жолу аскердик жүрүшкө чыгууга аргасыз болушкан. 1876-ж. апрелде орус аскерлеринин отряды Алайдын Жаңырык капчыгайында А. баштаган кыргыз кошуунунун катуу каршылыгына кабылган. Жерг. чыккынчылардын жардамы м-н гана орус аскерлери коргонууда турган кыргыз кошуунунун артынан капысынан чабуул коюп, ийгиликке жетишкен. Бирок орус аскерлери тоо арасын аралап кеткен кыргыздардын изине түшүүгө даай албай, артка кайтууга аргасыз болгон. 1876-ж. июль-август айларында генерал Д. Скобелев 2-Алай экспедициясын уюштуруп, кыргыздарды жазалоого аракет кылган. Орус аскерлери А. баштаган кыргыздарды туткунга алууга мүмкүн эмес экендигине көзү жеткен соң, анын энеси Курманжан датканы Д. Скобелевге алып келишет. Ал датканы сый-урмат м-н тосуп алып, уулу А. баштаган кыргыздарды орус бийлигине баш ийдирип берүүнү өтүнгөн. Курманжан датка генералдын сунушун кабыл алууга аргасыз болуп, натыйжада алайлыктар (17380 түтүн) Россиянын бийлигин тааныган. Бирок, А. орус бийлигине баш ийгиси келбей Афганистанга өтүп кеткен. Ошол жерден көз жумуп, жүрөгү Алай жергесине алып келип коюлган.