Difference between revisions of "АЖЫБЕКОВА Гүлсара"
м (Mariya moved page АЖЫБЕКОВА to АЖЫБЕКОВА Гүлсара) |
|
(Айырма жок)
|
13:19, 4 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АЖЫБЕКОВА Гүлсара (27. 3. 1950‑ж. т., Нарын обл., Нарын ш.) – артист, КРдин эл артисти. 1972‑ж. Москвадагы А. В. Луначарский атындагы мамлекеттик театр институтунун актёрдук факультетин бүткөн. 1972‑жылдан Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында артист, 2002‑04‑ж. Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрайымы болуп эмгектенген. Ажыбекова театрда ж‑а кинодо бүткүл инсандык, сүрөткердик кубаты м‑н каармандардын образын түзүп, алардын ички сырын, кулк‑мүнөзүн жөнөкөй, жеткиликтүү даражада бере алган. Аткарган негизги ролдору: Елизавета (У. Шекспир, «Ричард III»), Зубаржат (М. Карим, «Ай тутулган түндө»),
Гүлжан (Ч. Айтматов, К. Мухамеджанов, «Фудзиямадагы кадыр түн»), Уркуя (Н. Байтемиров, «Уркуя»), Бүбүжан (Ч. Айтматов, «Танабай коммунист»), Комиссар (В. Вишневский, «Оптимисттик трагедия»), Раневская (А. Чехов, «Алчалуу бак»), Кручинина (Островский, «Күнөөсүз күнөөлүүлөр»), Флорелла (Лопе де Вега, «Бий мугалими»), Дудук Катрин (Б. Брехт, «Өлөрман эне жана анын балдары») ж. б. Ал кинодо да көптөгөн ролдорду аткарган: Сабира (реж. Т. Океев, «Кызыл алма»), Бермет (реж. К. Акматалиев, «Толкундар жээкте жоголот»), Чыңгызхандын аялы («Чыңгызхан», АКШ-Италия), Жамийланын энеси («Жамийла», АКШ-ГФР), Дарика (реж. Ж. Сооданбек, «Процесс»), Салима (реж. К. Акматалиев, «Июндагы үч күн»), Найман эне (реж. Б. Карагулов, «Найман эненин кошогу») ж. б. Дүйшөмбү ш‑аарында өткөрүлгөн Орто Азия республикаларынын жана Казакстандын «Нооруз‑91» фестивалында «Петрарканын
Орто Азия республикаларынын ж‑а Казакстандын окуусу» кинофильминен (реж. Р. Ибрагимбеков) тергөөчү аялдын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн лауреат деген наамга ээ болгон. 1998‑ж. «Бир актёрдун театры» м‑н Россия ж‑а Украинанын шаарларында гастролдо болуп, Еврепиддин «Медея» спектаклин коюшкан. 2006-жылдан «Гульсара» менчик оюн‑зоок кинофирмасын жетектеп келет. Медалдар м‑н сыйланган.
Т. Сатаров.