Difference between revisions of "АДАБИЯТ ТЕОРИЯСЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АДАБИЯТ ТЕОРИЯСЫ''' ‒ сөз өнөрүнүн табиятын, анын жолдору м-н методологиясын, адабий процессти, рухий-эстетикалык баалуулуктарын, анын структурасын ж-а өнүгүшүнүн жалпы мыйзамченемдүүлүктөрүн изилдей турган ''адабият таануу ''илиминин бир бөлүгү. Ал көркөм адабияттын пайда болуу ж-а өнүгүү мыйзам ченемдерин, өзгөчөлүгүн, социалдык табиятын ж-а маанисин изилдеп, адабияттын идеялык-эстетикалык тажрыйбасын теориялык жактан жалпылайт, адабий процесстин түпкүлүктүү мыйзамдарын ачат, адабияттык анализдин ж-а синтездин принциптерин иштеп чыгат. Адабият теориясы эӊ оболу адабият тарыхы м-н байланыштуу өнүгөт. Ал ошондой эле эстетика, адабий сын м-н да эриш-аркак байланышта болот. Адабият теориясы өзүнүн теориялык корутундуларын иштеп чыгууда бир чети эстетиканын мыйзам ченемдүүлүгүнө таянса, бир чети адабият тарыхында чогултулган фактыларга таянат. Өз кезегинде Адабият теориясынын негизги жоболору адабият тарыхчысы м-н сынчынын ишине таасирин тийгизип, жалпы адабий процессти анализдөөнүн принциптерин аныктайт. Адабият теориясынын тарыхы байыркы доордогу (Индостан, Кытай, Байыркы Грек, Байыркы Түрк ж. б.) элдердеги сөз өнөрүнө коюлган талаптардан башталары айтылып келет. Адабият теориясынын башталышында Аристотель м-н Абу Наср ал-Фараби ж. б-дын эмгектери турат. Аристотелдин «Поэзия өнөрү жөнүндө» («Поэтика») трактатынын, башка дагы байыркы доордун эстетикасы тууралуу жазган эмгектеринин мааниси чоӊ. Абу Наср ал-Фарабинин «Ыр өнөрүнүн эрежелери» тууралуу трактатынын да орду адабият тарыхында өзгөчө. 17‒18-кылымдан баштап Н. Буало, Д. Дидро, Д. Лессинг, И. Гердер, И. Гёте, Ф. Шиллер, 18-кылымдын аягы‒19-кылымдындын башында немец философтору И. Кант, И. Фихте, Ф. Шеллинг, Г. Гегель ж. б. адабият таануудагы баштоочтордон болгон. Россияда М.В. Ломоносов, Д. Н. Радищев, В. Г. Белинский, Н. Г. Чернышевский, А. Н. Дорболюбов, А. Н. Герцен ж. б. А. т-нын өнүгүшүнө чоӊ салым кошушкан. Бүгүнкү замандын адабият таануусуна көз салсак, сөз өнөрүнүн теор. деӊгээлин жогору бийиктикке көтөргөн амер. илимпоздор Р. Уэллек м-н О. Уоррендин «Адабият теориясы» (1949) деген эмгеги болду. Ал түрк (1960), орус (1978) ж. б. тилдерге которулду. Орус адабият таануу илиминде А. т. б-ча Б. В. Томашевскийдин, Л. И. Тимофеевдин ж. б. эмгекте ри белгилүү. А. т-н иликтөө ишинде Казакстан дын, Кырг-ндын адабиятчыларынын өз салымдары бар. Мис., казак илимпоздору К. Жумалиевдин «Адабият теориясы» (1969), Е. Ысмаиловдун «Адабият теориясы» (1940), З. Кабдолов дун «Сөз өнөрү» (1982), З. Ахметовдун «Өлөӊ сөздүн теориясы» (1973) ж. б., кыргыз ад-тынын теор. маселелери б-ча Т. Саманчиндин, Б. Керимжанованын, К. Рахматуллиндин, И. Рысалиевдин, М. Борбугуловдун, К. Асаналиевдин, Р. Кыдырбаеванын, А. Садыковдун ж. б. эмгектери бар.

Ад.: ''Садыков А. ''Адабият теориясы. Б., 2002.

17:10, 2 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы

АДАБИЯТ ТЕОРИЯСЫ ‒ сөз өнөрүнүн табиятын, анын жолдору м-н методологиясын, адабий процессти, рухий-эстетикалык баалуулуктарын, анын структурасын ж-а өнүгүшүнүн жалпы мыйзамченемдүүлүктөрүн изилдей турган адабият таануу илиминин бир бөлүгү. Ал көркөм адабияттын пайда болуу ж-а өнүгүү мыйзам ченемдерин, өзгөчөлүгүн, социалдык табиятын ж-а маанисин изилдеп, адабияттын идеялык-эстетикалык тажрыйбасын теориялык жактан жалпылайт, адабий процесстин түпкүлүктүү мыйзамдарын ачат, адабияттык анализдин ж-а синтездин принциптерин иштеп чыгат. Адабият теориясы эӊ оболу адабият тарыхы м-н байланыштуу өнүгөт. Ал ошондой эле эстетика, адабий сын м-н да эриш-аркак байланышта болот. Адабият теориясы өзүнүн теориялык корутундуларын иштеп чыгууда бир чети эстетиканын мыйзам ченемдүүлүгүнө таянса, бир чети адабият тарыхында чогултулган фактыларга таянат. Өз кезегинде Адабият теориясынын негизги жоболору адабият тарыхчысы м-н сынчынын ишине таасирин тийгизип, жалпы адабий процессти анализдөөнүн принциптерин аныктайт. Адабият теориясынын тарыхы байыркы доордогу (Индостан, Кытай, Байыркы Грек, Байыркы Түрк ж. б.) элдердеги сөз өнөрүнө коюлган талаптардан башталары айтылып келет. Адабият теориясынын башталышында Аристотель м-н Абу Наср ал-Фараби ж. б-дын эмгектери турат. Аристотелдин «Поэзия өнөрү жөнүндө» («Поэтика») трактатынын, башка дагы байыркы доордун эстетикасы тууралуу жазган эмгектеринин мааниси чоӊ. Абу Наср ал-Фарабинин «Ыр өнөрүнүн эрежелери» тууралуу трактатынын да орду адабият тарыхында өзгөчө. 17‒18-кылымдан баштап Н. Буало, Д. Дидро, Д. Лессинг, И. Гердер, И. Гёте, Ф. Шиллер, 18-кылымдын аягы‒19-кылымдындын башында немец философтору И. Кант, И. Фихте, Ф. Шеллинг, Г. Гегель ж. б. адабият таануудагы баштоочтордон болгон. Россияда М.В. Ломоносов, Д. Н. Радищев, В. Г. Белинский, Н. Г. Чернышевский, А. Н. Дорболюбов, А. Н. Герцен ж. б. А. т-нын өнүгүшүнө чоӊ салым кошушкан. Бүгүнкү замандын адабият таануусуна көз салсак, сөз өнөрүнүн теор. деӊгээлин жогору бийиктикке көтөргөн амер. илимпоздор Р. Уэллек м-н О. Уоррендин «Адабият теориясы» (1949) деген эмгеги болду. Ал түрк (1960), орус (1978) ж. б. тилдерге которулду. Орус адабият таануу илиминде А. т. б-ча Б. В. Томашевскийдин, Л. И. Тимофеевдин ж. б. эмгекте ри белгилүү. А. т-н иликтөө ишинде Казакстан дын, Кырг-ндын адабиятчыларынын өз салымдары бар. Мис., казак илимпоздору К. Жумалиевдин «Адабият теориясы» (1969), Е. Ысмаиловдун «Адабият теориясы» (1940), З. Кабдолов дун «Сөз өнөрү» (1982), З. Ахметовдун «Өлөӊ сөздүн теориясы» (1973) ж. б., кыргыз ад-тынын теор. маселелери б-ча Т. Саманчиндин, Б. Керимжанованын, К. Рахматуллиндин, И. Рысалиевдин, М. Борбугуловдун, К. Асаналиевдин, Р. Кыдырбаеванын, А. Садыковдун ж. б. эмгектери бар. Ад.: Садыков А. Адабият теориясы. Б., 2002.