Difference between revisions of "АЛИМЖАНОВ Ануар Турлыбек уулу"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Айырма жок)

11:02, 1 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы

АЛИМЖАНОВ Ануар Турлыбек улы (12. 5. 1930, Алматы обл., Сарканд р-ну, Карлыгаш айылы ‒ 9. 11. 1993, Алматы) ‒ казак жазуучусу. Казак мамл. ун-тин бүтүргөн (1954). Орус тилинде жазган. «Алма-Атинская правда», «Литературная газета» (Россия), «Ленинская смена», «Правда» (Россия) гезиттеринде иштеген. «Казакфильм» студиясынын, «Казак адабияты» гезитинин башкы редактору, Казакстан ЖСнун 1-секретары, Казакстан тарых ж-а мад-т эстеликтерин коргоо б-ча борб. кеӊештин төрагасы болгон. Алгачкы аӊгеме, очерк, публ. макалалары 1952-ж. жарык көргөн. А. ‒ «Ак дос, сары дос, кара дос» (1958), «Достор жолугушканда » (1958), «Суу менен, кургак менен элүү миӊ миль» (1962), «Күнгө бет алган кербен» (1962), «Көгүлтүр тоолор» (1964, 1967), «Жалындаган найза» (1965) ж. б. учурдагы проблемалар ж-дөгү китептердин автору. Ага «Күнгө бет алган кербен», «Көгүлтүр тоолор» аттуу китептери үчүн Казак ССР мамл. сыйл. (1965, 1967), «Отрар сувенири» повести, Индия ж-дөгү чыгармалары үчүн Джавахарлал Неру атн. сыйл. (1969) берилген. Ал өмүрүнүн акыркы жылдары «Махамбеттин жебеси» (1969), «Чабарман » (1974), «Мугалимдин кайтып келүүсү» (1979), «Эл жолу» (1984) аттуу тарыхый романдарын жазган. А-дун чыгармалары Азия, Африка, Европа элдеринин тилдерине которулган.