Difference between revisions of "АЛИЕВ Бакирдин"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (Mariya moved page АЛИЕВ 1 to АЛИЕВ Бакирдин)
(Айырма жок)

14:41, 31 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы

АЛИЕВ Бакирдин (10. 10. 1933, Нарын обл., Жумгал р-ну, Суусамыр айылы ‒7. 4. 2014, Бишкек) ‒ актёр, КРдин эл артисти (1979). 1955-ж. Ташкенттеги А. Н. Островский атындагы театр өнөрү институтун бүтүргөн. 1955‒62-ж. Жалал-Абад драма театрында, 1962-жылдан М. Рыскулов атындагы Нарын областтык музыкалык-драма театрында, 1994-жылдан Кыргыз мамлекеттик жаштар театрында иштеген. Б. Алиев ар түрдүү мүнөздөгү ролдорду жогорку чеберчиликте аткарган. Ролдору: Токтогул (Б. Жакиев, «Миӊ кыял»),Тейитбек (К. Жантөшев, «Курманбек»), Хлестаков (Н. Гоголь, «Текшерүүчү»), Яго, Лорд (У.Шекспир, «Отелло», «Виндзордук ойсокелер»),

АЛИЕВ66.png

Акылбек (Б. Жакиев, «Атанын тагдыры» ), Плетнов (Н. Анпилов, «Жоокердин жесири»), Хан (Б. Үсөнкулов, «Карагайлуу булак»), Ганибай-аке (Саид Ахмат), Инзин (Б. Өмүралиев, «Найман эне»), Барпы (М. Борбугулов, «Барпы») ж.б. «Махабат жаӊырыгы�», «Уркуя», «Айсулуунун талаасы», «Мен ‒ Тянь-Шань», «Эски тегирмен», «Ээн калган өрөөн», «Айыл өкмөтү» фильмдерине, «Чиркин өмүр», «Сокур кемпир көрөгөч», «Жаӊырык» телесериалдарына тартылган.