Difference between revisions of "АКУСТИКАЛЫК ЭЛЕКТРОНИКА"
Jump to navigation
Jump to search
1 -сап: | 1 -сап: | ||
АКУСТИКАЛЫК ЭЛЕКТРОНИКА‒ радиосигналдарды иштетүү, сактоо м-н кайра өзгөртүү ж-а аларды эсептөө максатында колдонулуучу түзүлүштөр. Серпилгич толкундардын ылдамдыгы жарык ылдамдыгына салыштырмалуу кичине болгондуктан ультраүн м-н гиперүн толкундары начар жутулат. А. э. түзүлүштөрү сигналды убакыт ичинде жыштыгы ж-а фазасы б-ча амплитудасын, татаал сигналды ж. б. өзгөртүп түзүүгө мүмкүндүк берет. Мындай операциялар радиолокацияда, алыскы байланыш техникасында, автоматтык башкаруу системасында, эсептөө машинасында аткарылуусу зарыл. А. э-лык ыкмалар кээде өзгөртүп түзүүлөрдү эӊ жөнөкөй аткарууга мүмкүндүк берсе, кээде мындан башка ыкманы колдонуу мүмкүн эмес. А. э. түзүлүштөрүндө жогорку жыштыктагы ультраүн ж-а гиперүн (10 ''МГц''тен 1,5 ''ГГц''ке чейинки), көлөмдүк ж-а беттик акустикалык толкундар пайдаланылат.<br> |
10:58, 31 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы
АКУСТИКАЛЫК ЭЛЕКТРОНИКА‒ радиосигналдарды иштетүү, сактоо м-н кайра өзгөртүү ж-а аларды эсептөө максатында колдонулуучу түзүлүштөр. Серпилгич толкундардын ылдамдыгы жарык ылдамдыгына салыштырмалуу кичине болгондуктан ультраүн м-н гиперүн толкундары начар жутулат. А. э. түзүлүштөрү сигналды убакыт ичинде жыштыгы ж-а фазасы б-ча амплитудасын, татаал сигналды ж. б. өзгөртүп түзүүгө мүмкүндүк берет. Мындай операциялар радиолокацияда, алыскы байланыш техникасында, автоматтык башкаруу системасында, эсептөө машинасында аткарылуусу зарыл. А. э-лык ыкмалар кээде өзгөртүп түзүүлөрдү эӊ жөнөкөй аткарууга мүмкүндүк берсе, кээде мындан башка ыкманы колдонуу мүмкүн эмес. А. э. түзүлүштөрүндө жогорку жыштыктагы ультраүн ж-а гиперүн (10 МГцтен 1,5 ГГцке чейинки), көлөмдүк ж-а беттик акустикалык толкундар пайдаланылат.