Difference between revisions of "АКРОМЕГАЛИЯ"
Jump to navigation
Jump to search
228-323>KadyrM |
м (1 revision imported) |
(Айырма жок)
|
21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы
(гр. akron ‒ кол, бут ж-а megas ‒ чоӊ) ‒ гипофиз безинин өстүрүү гормону көп бөлүнгөндө пайда болгон эндокрин оорусу. А. көбүнчө дененин өсүшү токтогондон кийин пайда болот. Адамдын баш сөөгү, кол-буту, ички мүчөлөрүнүн көлөмү чоӊоёт, зат алмашуу бузулат. Анын себептери белгисиз. Көбүнчө гипофиз безинин шишиги м-н кээде өстүрүү гормонунун көп бөлүнүп чыгышы, мээнин чайкалышы, психикалык травма (күйүт), инфекцияга да байланыштуу болушу мүмкүн. Оору жай өөрчүп, адегенде оорулуунун алы кетет, буту, колу ооруп, сезгичтиги бузулат, алдыӊкы жаак, мурун чоӊоюп, кебетеси өзгөрүлөт. Эриндер калыӊдап, калбыйып, тил чоӊоюп оозго батпаган сыйт; кол чеӊгели м-н бут кетмени жооноёт. Бат чарчайт, башы ооруйт, көзү начар көрүп, жыныс бездеринин функциясы бузулат. Мындай оорулуулар такай дарыгердин көзөмөлүн дө болууга тийиш.