Difference between revisions of "АЙТЫГУЛОВ Кайыпбек"
м (Mariya moved page АЙТЫГУЛОВ to АЙТЫГУЛОВ Кайыпбек) |
|
(Айырма жок)
|
14:49, 26 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы
АЙТЫГУЛОВ Кайыпбек (1. 12. 1932‑ж. т., Нарын обл., Жумгал р‑ну, Кыз‑Арт айылы) – кыргыздын туңгуч флейтачысы, КРдин эл артисти. 1947–52‑ж. М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын флейта адистиги б‑ча, 1957-ж. Москвадагы П. Чайковский атындагы мамлекеттик консерваториянын флейта классын бүтүргөн. 1949‑ж. КР филармониянын эл аспаптар оркестринде, 1951–52‑ж. Кыргыз мамлекеттик. опера ж‑a балет театрында, 1952–57‑ж. Москвадагы цыгандардын «Ромэн» театрында, 1957–78‑ж. Кыргыз опера ж‑a балет театрынын оркестринде иштеген. Бир эле мезгилде М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайында, В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз‑келиндер педагогикалык институтунда окутуучу, 1978‑жылдан Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда кафедра башчысы, кийин деканы (1982), 1993‑жылдан Кыргыз улуттук консерваторияда декан, профессор болуп эмгектенген (1988). «Данакер» ордени м‑н сыйланган.