Difference between revisions of "АЗОБИРИКМЕЛЕР"
Jump to navigation
Jump to search
117-179>KadyrM |
|||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЗОБИРИКМЕЛЕР''' – молекуласында ''"азо''"- N=N- тобу ар түрдүү же окшош радикал м‑н байланышкан орг. бирикмелер. Жалпы формуласы: RN=NR’. Эки радикалы тең ароматтык же алифаттык, бири ароматтык, экинчиси алифаттык же гетероциклдүү болот. Экөө тең ароматтык радикалдардан турган А. кеңири таралган. Алар диазобирикмелерге ароматтык амин же оксибирикмелерди кошуудан, негиздик чөйрөдө нитробирикмелерди металлдар, о. эле биринчилик аминдерди гипохлорит же перманганат м‑н калыбына келтирүүдөн алынат. Ароматтык А. түстүү, катуу заттар. Алардын түсү изотобунун хромофордук касиетине, радикалдардын түрүнө ж‑а орун алмашуу мүнөзүнө, алардын санына байланыштуу. Булар маанилүү ''азо боёкторду'' синтездөөдө колдонулат. |
15:06, 24 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы
АЗОБИРИКМЕЛЕР – молекуласында "азо"- N=N- тобу ар түрдүү же окшош радикал м‑н байланышкан орг. бирикмелер. Жалпы формуласы: RN=NR’. Эки радикалы тең ароматтык же алифаттык, бири ароматтык, экинчиси алифаттык же гетероциклдүү болот. Экөө тең ароматтык радикалдардан турган А. кеңири таралган. Алар диазобирикмелерге ароматтык амин же оксибирикмелерди кошуудан, негиздик чөйрөдө нитробирикмелерди металлдар, о. эле биринчилик аминдерди гипохлорит же перманганат м‑н калыбына келтирүүдөн алынат. Ароматтык А. түстүү, катуу заттар. Алардын түсү изотобунун хромофордук касиетине, радикалдардын түрүнө ж‑а орун алмашуу мүнөзүнө, алардын санына байланыштуу. Булар маанилүү азо боёкторду синтездөөдө колдонулат.