Difference between revisions of "АЙВАЗОВСКИЙ, Иван Константинович"
(Created page with " Гайвазовский Иван<br> (Ованес) Константинович [17 (29). 7. 1817, Фео- thumb | none досия...") |
|||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЙВАЗОВСКИЙ''', Г а й в а з о в с к и й Иван (Ованес) Константинович [17 (29). 7. 1817, Феодосия – 19. 4 (2. 5). 1900, ошол эле жерде] – орус сүрөтчүсү, [[File:АЙВАЗОВСКИЙ45.png | thumb | none]] | |||
(Ованес) Константинович [17 (29). 7. 1817, | деңиз пейзажынын чебери. 1833‑37‑ж. Петербург сүрөт академиясында окуган. 1844‑жылдан Башкы деңиз штабынын сүрөтчүсү. 1845‑жылдан Феодосияда жашап, өзүнүн өнөрканасында сабак берген (1986) ж‑а сүрөт галереясын негиздеген (1880). 1845‑ж. академик, 1847‑ж. проф., 1887‑ж. Сүрөт академиясынын ардактуу мүчөсү, европалык бир нече сүрөт академиясына мүчө болуп шайланган. Алгачкы иштеринде Айвазовский өзүнүн окутуучуларынын салтын улантып, «Петербургдун чет жакасындагы деңиз жээгинин көрүнүшү» (1835) деген сүрөтүн тарткан. 1840‑ж. өз мезгилинин эң көрүнүктүү маринисти деген европалык атакка ээ болгон. Аны замандаштары К. П. Брюллов, В. Д. Жуковский, У. Тёрнер жогору баалашкан. Сүрөтчү 1836‑ж. А. С. Пушкин м-н таанышып, ага бир катар картиналарын арнаган.<br> | ||
негиздеген (1880). 1845‑ж. академик, 1847‑ж. проф., 1887‑ж. Сүрөт академиясынын ардактуу мүчөсү, | |||
<br> | |||
[[File:АЙВАЗОВСКИЙ1.png | thumb | И. К. Айвазовский. «Тогузунчу вал». 1850. Орус музейи. Ленинград.]] | [[File:АЙВАЗОВСКИЙ1.png | thumb | И. К. Айвазовский. «Тогузунчу вал». 1850. Орус музейи. Ленинград.]] | ||
А-дин бүткүл өмүрүндөгү искусствосунун негизги темасы дайым өзгөрүлмөлүү, каардуу деңиз болуп кала берген. Чыгармалары талкаланган кемелердеги деңиздин толкуну м-н күрөшкөн адамдарды романтикалык эффектте чагылтып, таасирлүү эргүүнү пайда кылат. «Тогузунчу вал» (1850), «Чесмен согушу», «Наваррин согушу» (1848), «Кара деңиз» (1881), «Толкундар арасында» (1898) деген шедеврлердин, ошондой эле 6 миңге жакын картина, сүрөт ж-а акварелдин автору. Ад.: Пилипенко В. Н. Айвазовский И. К. М., 1980. | |||
Ад.: Пилипенко В. Н. Айвазовский И. К. М., 1980. |
16:46, 21 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы
АЙВАЗОВСКИЙ, Г а й в а з о в с к и й Иван (Ованес) Константинович [17 (29). 7. 1817, Феодосия – 19. 4 (2. 5). 1900, ошол эле жерде] – орус сүрөтчүсү,
деңиз пейзажынын чебери. 1833‑37‑ж. Петербург сүрөт академиясында окуган. 1844‑жылдан Башкы деңиз штабынын сүрөтчүсү. 1845‑жылдан Феодосияда жашап, өзүнүн өнөрканасында сабак берген (1986) ж‑а сүрөт галереясын негиздеген (1880). 1845‑ж. академик, 1847‑ж. проф., 1887‑ж. Сүрөт академиясынын ардактуу мүчөсү, европалык бир нече сүрөт академиясына мүчө болуп шайланган. Алгачкы иштеринде Айвазовский өзүнүн окутуучуларынын салтын улантып, «Петербургдун чет жакасындагы деңиз жээгинин көрүнүшү» (1835) деген сүрөтүн тарткан. 1840‑ж. өз мезгилинин эң көрүнүктүү маринисти деген европалык атакка ээ болгон. Аны замандаштары К. П. Брюллов, В. Д. Жуковский, У. Тёрнер жогору баалашкан. Сүрөтчү 1836‑ж. А. С. Пушкин м-н таанышып, ага бир катар картиналарын арнаган.
А-дин бүткүл өмүрүндөгү искусствосунун негизги темасы дайым өзгөрүлмөлүү, каардуу деңиз болуп кала берген. Чыгармалары талкаланган кемелердеги деңиздин толкуну м-н күрөшкөн адамдарды романтикалык эффектте чагылтып, таасирлүү эргүүнү пайда кылат. «Тогузунчу вал» (1850), «Чесмен согушу», «Наваррин согушу» (1848), «Кара деңиз» (1881), «Толкундар арасында» (1898) деген шедеврлердин, ошондой эле 6 миңге жакын картина, сүрөт ж-а акварелдин автору. Ад.: Пилипенко В. Н. Айвазовский И. К. М., 1980.