Difference between revisions of "АЗАМАТ АЛТАЙ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЗАМАТ АЛТАЙ,''' Кожомбердиев Кудайберген (19. 9. 1920, Ысык‑Көл обл., Тоң р‑ну, Корумду айылы – 26. 5. 2006, Нью‑Йорк) – журналист, публицист, коомдук ишмер, «Эркин Европа – Азаттык радиосунун» кыргыз уктуруу кызматынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Түп | '''АЗАМАТ АЛТАЙ,''' Кожомбердиев Кудайберген (19. 9. 1920, Ысык‑Көл обл., Тоң р‑ну, Корумду айылы – 26. 5. 2006, Нью‑Йорк) – журналист, публицист, коомдук ишмер, «Эркин Европа – Азаттык радиосунун» кыргыз уктуруу кызматынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Түп районундагы Ысык‑Көл зооветтехникумдан билим алган. Токмоктон комсомолдук курсту бүтүрүп келип, комсомолдун Тоң райкомунда бөлүм башчы болуп иштеген. 1940‑ж. Советтик Армияга чакырылып, Литванын Каунас шаарында аскердик курста болгон. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда урушка кирип, Литва аймагында фашисттердин туткунуна түшкөн (1941). Туткундан эки жолу качып чыгууга аракет жасаган. 1945‑ж. үчүнчү жолу качып чыгып, француз партизандарына кошулат. | ||
[[File:АЗАМАТ АЛТАЙ14.png | thumb | none]] | [[File:АЗАМАТ АЛТАЙ14.png | thumb | none]] | ||
Согуш аяктагандан кийин СССРде туткундарга карата алынган катаал чечимдерге байланыштуу эл‑жерге кайтып келүү мүмкүн болбой, Францияда калып калган. Ал жерде чыгыш таануучу Александр Бенигсен м‑н таанышып, | Согуш аяктагандан кийин СССРде туткундарга карата алынган катаал чечимдерге байланыштуу эл‑жерге кайтып келүү мүмкүн болбой, Францияда калып калган. Ал жерде чыгыш таануучу Александр Бенигсен м‑н таанышып, Орто Азиянын коомдук‑маданий турмушуна байланыштуу материалдарды топтоп, басма сөз маалыматтарын Батыштын илим чөйрөсүнө киргизүүгө чоң аракет жасаган. 1951‑ж. Германияда «Түрк эли» деген журнал уюшулуп, анын башкы редактору болуп шайланган. 1953‑ж. журналдын ордуна ''«Азаттык»'' радиостанциясы ачылып, анда кабарчы, диктор, директору болуп иштеген. 1975‑ж. 18‑мартта «Азаттыктын» кыргыз тилиндеги алгачкы берүүсүн (учурда 1960‑ж. «Азамат Алтай» деген атты алган. «Эркин Европа – Азаттык» радиосунун кыргыз кызматы катары иштеп жатат) обого алып чыккан. 50‑жылдардын аяк ченинен Нью‑Йорктогу (АКШ) Колумбия университетинин илимий китепканасынын Чыгыш адабият бөлүмүн жетектеп, түркология ж‑а кыргыз таануу б‑ча он миңдеген нускадагы китеп фондун түзгөн. Ал АКШда жүргөндө да «Азаттык» радиосу м‑н кызматташып турган. 1970‑ж‑дын аягында Мюнхенге келип, 1984–88‑ж. «Азаттык» радиосунун директорунун кызматын аткарган. 1995‑ж. 24‑августтан 11‑сентябрга чейин «Манас» эпосунун миң жылдык мааракесине чакырылып, сый конок катары мекенине келип кеткен. 1950‑жылдан кыргыз тарыхы, маданияты, адабияты б‑ча чогулткан бай архивинин бир бөлүгүн 1995‑ж. Жалал‑Абад мамлекеттик университетине тартуулаган.<br> |
08:02, 21 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы
АЗАМАТ АЛТАЙ, Кожомбердиев Кудайберген (19. 9. 1920, Ысык‑Көл обл., Тоң р‑ну, Корумду айылы – 26. 5. 2006, Нью‑Йорк) – журналист, публицист, коомдук ишмер, «Эркин Европа – Азаттык радиосунун» кыргыз уктуруу кызматынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Түп районундагы Ысык‑Көл зооветтехникумдан билим алган. Токмоктон комсомолдук курсту бүтүрүп келип, комсомолдун Тоң райкомунда бөлүм башчы болуп иштеген. 1940‑ж. Советтик Армияга чакырылып, Литванын Каунас шаарында аскердик курста болгон. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда урушка кирип, Литва аймагында фашисттердин туткунуна түшкөн (1941). Туткундан эки жолу качып чыгууга аракет жасаган. 1945‑ж. үчүнчү жолу качып чыгып, француз партизандарына кошулат.
Согуш аяктагандан кийин СССРде туткундарга карата алынган катаал чечимдерге байланыштуу эл‑жерге кайтып келүү мүмкүн болбой, Францияда калып калган. Ал жерде чыгыш таануучу Александр Бенигсен м‑н таанышып, Орто Азиянын коомдук‑маданий турмушуна байланыштуу материалдарды топтоп, басма сөз маалыматтарын Батыштын илим чөйрөсүнө киргизүүгө чоң аракет жасаган. 1951‑ж. Германияда «Түрк эли» деген журнал уюшулуп, анын башкы редактору болуп шайланган. 1953‑ж. журналдын ордуна «Азаттык» радиостанциясы ачылып, анда кабарчы, диктор, директору болуп иштеген. 1975‑ж. 18‑мартта «Азаттыктын» кыргыз тилиндеги алгачкы берүүсүн (учурда 1960‑ж. «Азамат Алтай» деген атты алган. «Эркин Европа – Азаттык» радиосунун кыргыз кызматы катары иштеп жатат) обого алып чыккан. 50‑жылдардын аяк ченинен Нью‑Йорктогу (АКШ) Колумбия университетинин илимий китепканасынын Чыгыш адабият бөлүмүн жетектеп, түркология ж‑а кыргыз таануу б‑ча он миңдеген нускадагы китеп фондун түзгөн. Ал АКШда жүргөндө да «Азаттык» радиосу м‑н кызматташып турган. 1970‑ж‑дын аягында Мюнхенге келип, 1984–88‑ж. «Азаттык» радиосунун директорунун кызматын аткарган. 1995‑ж. 24‑августтан 11‑сентябрга чейин «Манас» эпосунун миң жылдык мааракесине чакырылып, сый конок катары мекенине келип кеткен. 1950‑жылдан кыргыз тарыхы, маданияты, адабияты б‑ча чогулткан бай архивинин бир бөлүгүн 1995‑ж. Жалал‑Абад мамлекеттик университетине тартуулаган.