Difference between revisions of "АГАРТУУ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АГАРТУУ''' ‒ калктын сабатсыздыгын жоюу, билим берүү, маданий-рухий жактан маалымат деӊгээлин жогорулатуу. Мындай агартуу иштери калктын калыӊ катмарын камтыйт да, мектептерди, маданий мекемелерди куруу м-н бекемделет. А. иши Кыргызстанда 1917-ж. Октябрь революциясынан мурда диний ж-а туземдик мектептерде жүргүзүлүп келсе, кийин «боз үй», «кызыл үй» ж-а «ликбез» мектептери, атайын курстар аркылуу улантылган. 1930-жылдан кийин агартуу илимий негизде уюштурулуп, кеӊири кулач жайган. Анын ишин өркүндөтүүдө маданият мекемелери: клуб, китепкана, музей ж. б. чоӊ роль ойнойт. Алар элди рухий жактан азыктандырууга, замандын рухунда тарбиялоого жардам берет. Өлкөдөгү билим берүүнүн жерг. ж-а республикалык бардык тармактары калкка билим берүү ж-а илимдин улам жаӊы жетишкендигин жайылтуу кызматын аткарат. Айрыкча, адабият ж-а искусство тармагынын агартуучулук ролу өтө зор. | |||
''И. Бекбоев.'' | ''И. Бекбоев.'' |
13:49, 14 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы
АГАРТУУ ‒ калктын сабатсыздыгын жоюу, билим берүү, маданий-рухий жактан маалымат деӊгээлин жогорулатуу. Мындай агартуу иштери калктын калыӊ катмарын камтыйт да, мектептерди, маданий мекемелерди куруу м-н бекемделет. А. иши Кыргызстанда 1917-ж. Октябрь революциясынан мурда диний ж-а туземдик мектептерде жүргүзүлүп келсе, кийин «боз үй», «кызыл үй» ж-а «ликбез» мектептери, атайын курстар аркылуу улантылган. 1930-жылдан кийин агартуу илимий негизде уюштурулуп, кеӊири кулач жайган. Анын ишин өркүндөтүүдө маданият мекемелери: клуб, китепкана, музей ж. б. чоӊ роль ойнойт. Алар элди рухий жактан азыктандырууга, замандын рухунда тарбиялоого жардам берет. Өлкөдөгү билим берүүнүн жерг. ж-а республикалык бардык тармактары калкка билим берүү ж-а илимдин улам жаӊы жетишкендигин жайылтуу кызматын аткарат. Айрыкча, адабият ж-а искусство тармагынын агартуучулук ролу өтө зор.
И. Бекбоев.