Difference between revisions of "АЗЕРБАЙЖАНДАР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АЗЕРБАЙЖАНДАР'''(өздөрүн азербайжанлылар деп аташат) – Азербайжан ж‑а Ирандын түн.-батышындагы жерг. калк. О. эле азыркы Россия (Дагестан), Грузия (Борчалы), (Карс ж‑а Ыгдыр) ж. б. аймактарда да жашашат. Азербайжан тилинде сүйлөшөт. Жалпы саны 30–35 млн, а. и. Азербайжанда 8,2 млн (2009), Иранда 15 млн (2009). Кырг‑нда 17 267 (2009). А. 19–20‑к‑дын башында расмий орус документтеринде түрктөр, татарлар деп аталган. Алар айрум, аф­шар, баят, карадаг, ка­рапапах, падар, шахсе­ван ж. б. субэтностук топторго бөлүнөт. Ба­йыркы Ман мамлекети­нин, кавказдык Алба­ниянын, Мидия, Атро­патендин жерг. элдери, кавказ тилдүү (албан, гаргар, ути, каспи, лег), иран тилдүү (курт, ман не, мидян), түрк тилдүү (хазар, болгар, печенег, огуз) урууларынын ассимиляцияланышы м‑н А. 11–13‑к‑да өзүнчө эл болуп калыптанган. Дини – мусулман‑сунниттер (ирандык А. – мусулман ­шииттер). А. негизинен өнөр жайларда (нефть, газ, ж. б.) иштешет, о. эле мал чарбачылык, дыйканчылык м‑н да кесип кылышат. А‑дын көпчүлүгү шаарда жашашат. Улуттук кийими ­кыска көйнөк, архалук (көкүрөгү оюлган коф та), кенен ыштан, булгаары бут кийим; кур, чуха (узун тыш кийим), жораб, эркектер папах, аялдар чадра (чүмбөт) кийишкен. Тамак‑ашы негизинен ун, эт, жашылча‑жемиш азыктары­нан даярдалып, а. и. нан (тенур, тендирде бы­шырылган), говурма, басдырма, люля‑кебаб, долма ж. б. (эттен даярдалган), күрүч (палоо­нун 50дөн ашык түрү), суусундук катары чай, шербет, айран кеңири пайдаланылат.  
'''АЗЕРБАЙЖАНДАР''' (өздөрүн азербайжанлылар деп аташат) – Азербайжан ж‑а Ирандын түн.-батышындагы жерг. калк. О. эле азыркы Россия (Дагестан), Грузия (Борчалы), (Карс ж‑а Ыгдыр) ж. б. аймактарда да жашашат. Азербайжан тилинде сүйлөшөт. Жалпы саны 30–35 млн, а. и. Азербайжанда 8,2 млн (2009), Иранда 15 млн (2009). Кырг‑нда 17 267 (2009). А. 19–20‑к‑дын башында расмий орус документтеринде түрктөр, татарлар деп аталган. Алар айрум, аф­шар, баят, карадаг, ка­рапапах, падар, шахсе­ван ж. б. субэтностук топторго бөлүнөт. Ба­йыркы Ман мамлекети­нин, кавказдык Алба­ниянын, Мидия, Атро­патендин жерг. элдери, кавказ тилдүү (албан, гаргар, ути, каспи, лег), иран тилдүү (курт, ман не, мидян), түрк тилдүү (хазар, болгар, печенег, огуз) урууларынын ассимиляцияланышы м‑н А. 11–13‑к‑да өзүнчө эл болуп калыптанган. Дини – мусулман‑сунниттер (ирандык А. – мусулман ­шииттер). А. негизинен өнөр жайларда (нефть, газ, ж. б.) иштешет, о. эле мал чарбачылык, дыйканчылык м‑н да кесип кылышат. А‑дын көпчүлүгү шаарда жашашат. Улуттук кийими ­кыска көйнөк, архалук (көкүрөгү оюлган коф та), кенен ыштан, булгаары бут кийим; кур, чуха (узун тыш кийим), жораб, эркектер папах, аялдар чадра (чүмбөт) кийишкен. Тамак‑ашы негизинен ун, эт, жашылча‑жемиш азыктары­нан даярдалып, а. и. нан (тенур, тендирде бы­шырылган), говурма, басдырма, люля‑кебаб, долма ж. б. (эттен даярдалган), күрүч (палоо­нун 50дөн ашык түрү), суусундук катары чай, шербет, айран кеңири пайдаланылат.  


''Ш. Керимова''
''Ш. Керимова''

14:25, 7 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы

АЗЕРБАЙЖАНДАР (өздөрүн азербайжанлылар деп аташат) – Азербайжан ж‑а Ирандын түн.-батышындагы жерг. калк. О. эле азыркы Россия (Дагестан), Грузия (Борчалы), (Карс ж‑а Ыгдыр) ж. б. аймактарда да жашашат. Азербайжан тилинде сүйлөшөт. Жалпы саны 30–35 млн, а. и. Азербайжанда 8,2 млн (2009), Иранда 15 млн (2009). Кырг‑нда 17 267 (2009). А. 19–20‑к‑дын башында расмий орус документтеринде түрктөр, татарлар деп аталган. Алар айрум, аф­шар, баят, карадаг, ка­рапапах, падар, шахсе­ван ж. б. субэтностук топторго бөлүнөт. Ба­йыркы Ман мамлекети­нин, кавказдык Алба­ниянын, Мидия, Атро­патендин жерг. элдери, кавказ тилдүү (албан, гаргар, ути, каспи, лег), иран тилдүү (курт, ман не, мидян), түрк тилдүү (хазар, болгар, печенег, огуз) урууларынын ассимиляцияланышы м‑н А. 11–13‑к‑да өзүнчө эл болуп калыптанган. Дини – мусулман‑сунниттер (ирандык А. – мусулман ­шииттер). А. негизинен өнөр жайларда (нефть, газ, ж. б.) иштешет, о. эле мал чарбачылык, дыйканчылык м‑н да кесип кылышат. А‑дын көпчүлүгү шаарда жашашат. Улуттук кийими ­кыска көйнөк, архалук (көкүрөгү оюлган коф та), кенен ыштан, булгаары бут кийим; кур, чуха (узун тыш кийим), жораб, эркектер папах, аялдар чадра (чүмбөт) кийишкен. Тамак‑ашы негизинен ун, эт, жашылча‑жемиш азыктары­нан даярдалып, а. и. нан (тенур, тендирде бы­шырылган), говурма, басдырма, люля‑кебаб, долма ж. б. (эттен даярдалган), күрүч (палоо­нун 50дөн ашык түрү), суусундук катары чай, шербет, айран кеңири пайдаланылат.

Ш. Керимова