Difference between revisions of "АЖЫ БИЙ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЖЫ БИЙ''' Тилеке бий уулу (туулган ж‑а ө. ж. белгисиз) – 18‑к‑дын 2‑жарымындагы кыргыз элинин саясий ишмери; Алай‑Фергана аймагындагы саясий окуяларга жигердүү катышкан кыргыз төбөлдөрүнүн бири. Адыгине уруусунун баргы уругунан. Кытай тарыхый булактарында 1759‑ж. июнь айында А. б. баш болгон төрт кыргыз бийи Кокон ш‑н бийлеген Эрдене бий м‑н тышкы душмандарга каршы бирге болууга багытталган келишим түзгөндүгү ж‑дө айтылат. 1759‑ж. сентябрь айында А.б‑дин конушуна Кытай императорунун элчиси Доктан келип,ага Кытай империясы м‑н саясий‑дипл. ж‑а соода‑сатык келишим түзүү ж‑дө чакырык‑сунушун, кытай мөөрүн тапшырган. Ошол эле жылдын аягында А. б. өзүнүн элчиси Сары Күчүктү Кашкардагы Кытай империясынын башкаруучусу Чжао Хойго жиберген.<br> | |||
[[File:АЖЫ БИЙ10.png | thumb | none]] | [[File:АЖЫ БИЙ10.png | thumb | none]] | ||
1760‑ж. Эрдене бий Алайда тонолгон Кокон көпөстөрүнүн ишин шылтоолоп Ош, Өзгөн ш‑на чейин жортуул жасаган. А. б. жооп иретинде 1761‑ж. Коконго жортуул жасап, ал ийгиликсиз аяктаган соң, кайра Алай тарапка чегинген. Кытайга элчи жиберип, Кокон бийин тартипке чакыруусун өтүнгөн. Ошол эле учурда Кырг‑ндын түндүгүндөгү кыргыздардын кол башчысы ''Маматкул'' бийден Эрдене бийге каршы колдоо сурап, өзүнүн тууганы Арзыматты жиберген. Маматкул бий жардам кылуу ниетинде бугу уруусунун кол башчысы, черик ж‑а саяк уруусунун бийи Темиржандын жигиттерин жортуулга даярдаган. Бирок, саясий кырдаал татаалдашып, Кытай аскери Түркстан тарапка баскынчылык чабуулга өтөт экен деген имиш тараган. Бул аймактагы кыргыздар биримдикке келе башташкандыктан, Эрдене бий Ош ж‑а Өзгөндөн өз ыктыяры м‑н чыгып кеткен. 1764‑ж. жазында Эрдене бийдин Оро‑Төбөдөгү чатактарга алагды болгонунан пайдаланып, А. б. Коконго кайрадан жортуул уюштурган. Жортуул ийгиликсиз аяктап, кармашта жараат алган А. б. Эрдене бийге туткунга түшкөн, бир маалымат б‑ча коё берилген, экинчиси б‑ча даргага асылган. | 1760‑ж. Эрдене бий Алайда тонолгон Кокон көпөстөрүнүн ишин шылтоолоп Ош, Өзгөн ш‑на чейин жортуул жасаган. А. б. жооп иретинде 1761‑ж. Коконго жортуул жасап, ал ийгиликсиз аяктаган соң, кайра Алай тарапка чегинген. Кытайга элчи жиберип, Кокон бийин тартипке чакыруусун өтүнгөн. Ошол эле учурда Кырг‑ндын түндүгүндөгү кыргыздардын кол башчысы ''Маматкул'' бийден Эрдене бийге каршы колдоо сурап, өзүнүн тууганы Арзыматты жиберген. Маматкул бий жардам кылуу ниетинде бугу уруусунун кол башчысы, черик ж‑а саяк уруусунун бийи Темиржандын жигиттерин жортуулга даярдаган. Бирок, саясий кырдаал татаалдашып, Кытай аскери Түркстан тарапка баскынчылык чабуулга өтөт экен деген имиш тараган. Бул аймактагы кыргыздар биримдикке келе башташкандыктан, Эрдене бий Ош ж‑а Өзгөндөн өз ыктыяры м‑н чыгып кеткен. 1764‑ж. жазында Эрдене бийдин Оро‑Төбөдөгү чатактарга алагды болгонунан пайдаланып, А. б. Коконго кайрадан жортуул уюштурган. Жортуул ийгиликсиз аяктап, кармашта жараат алган А. б. Эрдене бийге туткунга түшкөн, бир маалымат б‑ча коё берилген, экинчиси б‑ча даргага асылган. | ||
''Д. Сапаралиев,'' сүрөтчүсү ''Р. Исаков.''<br> |
11:38, 7 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы
АЖЫ БИЙ Тилеке бий уулу (туулган ж‑а ө. ж. белгисиз) – 18‑к‑дын 2‑жарымындагы кыргыз элинин саясий ишмери; Алай‑Фергана аймагындагы саясий окуяларга жигердүү катышкан кыргыз төбөлдөрүнүн бири. Адыгине уруусунун баргы уругунан. Кытай тарыхый булактарында 1759‑ж. июнь айында А. б. баш болгон төрт кыргыз бийи Кокон ш‑н бийлеген Эрдене бий м‑н тышкы душмандарга каршы бирге болууга багытталган келишим түзгөндүгү ж‑дө айтылат. 1759‑ж. сентябрь айында А.б‑дин конушуна Кытай императорунун элчиси Доктан келип,ага Кытай империясы м‑н саясий‑дипл. ж‑а соода‑сатык келишим түзүү ж‑дө чакырык‑сунушун, кытай мөөрүн тапшырган. Ошол эле жылдын аягында А. б. өзүнүн элчиси Сары Күчүктү Кашкардагы Кытай империясынын башкаруучусу Чжао Хойго жиберген.
1760‑ж. Эрдене бий Алайда тонолгон Кокон көпөстөрүнүн ишин шылтоолоп Ош, Өзгөн ш‑на чейин жортуул жасаган. А. б. жооп иретинде 1761‑ж. Коконго жортуул жасап, ал ийгиликсиз аяктаган соң, кайра Алай тарапка чегинген. Кытайга элчи жиберип, Кокон бийин тартипке чакыруусун өтүнгөн. Ошол эле учурда Кырг‑ндын түндүгүндөгү кыргыздардын кол башчысы Маматкул бийден Эрдене бийге каршы колдоо сурап, өзүнүн тууганы Арзыматты жиберген. Маматкул бий жардам кылуу ниетинде бугу уруусунун кол башчысы, черик ж‑а саяк уруусунун бийи Темиржандын жигиттерин жортуулга даярдаган. Бирок, саясий кырдаал татаалдашып, Кытай аскери Түркстан тарапка баскынчылык чабуулга өтөт экен деген имиш тараган. Бул аймактагы кыргыздар биримдикке келе башташкандыктан, Эрдене бий Ош ж‑а Өзгөндөн өз ыктыяры м‑н чыгып кеткен. 1764‑ж. жазында Эрдене бийдин Оро‑Төбөдөгү чатактарга алагды болгонунан пайдаланып, А. б. Коконго кайрадан жортуул уюштурган. Жортуул ийгиликсиз аяктап, кармашта жараат алган А. б. Эрдене бийге туткунга түшкөн, бир маалымат б‑ча коё берилген, экинчиси б‑ча даргага асылган.
Д. Сапаралиев, сүрөтчүсү Р. Исаков.