Difference between revisions of "АВГУСТИН Аврелий"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (Kerimova-59 moved page АВГУСТИН to АВГУСТИН Аврелий)
(Айырма жок)

13:09, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

АВГУСТИН Аврелий, А в г у с т и н Б л а ж е н н ы й (13. 1. 354, Тагаста, Түн. Африка (азыркы Алжир, Сук-Ахрас ш. – 28. 8. 430, Түн. Африка, Гиппон) – христианчылыкта теологиялык - филос. ж-а саясий-социол. доктринаны иштеп чыккандардын башкы өкүлү, Түн. Африкадагы Гиппон ш-нын епископу. А. Кудайдын бар экенин онтологиялык жактан далилдөөгө аракеттенген. А-дин пикири б-ча өзүн өзү эң жогорку деңгээлде ар тараптан жакшыртып жаралган жан (жандык, Кудай) адам аң-сезиминде эле эмес, бүткүл болмушта жашайт. Ал «Ачык сырлар» китебинде инсанды бул дүйнөдөгү күнөөкөр жашоодон ж-а тиги дүйнөдө жазалоодон куткаруу үчүн Кудайдын жакшылыгы зарыл дейт. Жакшылык, ыракат адамга чындыкты берет, ага ал өзүн өзү түшүнүү ж-а талыкпаган рухий мээнет м-н гана жетишет. Адамдын рух дүйнөсүндө бекем орун алган бул чындык адамды Кудайга алып барат. А. б-ча адам баласынын бири-бирине карама-каршы турган эки: жер дүйнөсү, кудай дүйнөсү бар. Кудай дүйнөсүн чиркөө, жер дүйнөсүн азезил (шайтан) элестетет. Чиркөөнүн милдети – азезил дүйнөсүн жеңип, адамзатты чыныгы ишенимге бурууда турат.
Т. Эсенгелдиев.