Difference between revisions of "АБДРАХМАНОВ Жусуп"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АБДРАХМАНОВ''' Жусуп(28. 12. 1901, Россия империясы, Түркстан крайы, Жети-Суу обл., Пржевальск уезди, Күнгөй-Ак-Суу болуштугу, Чиркей кыштоосу, азыркы Ысык-Көл р-ну, Жаркымбаев айылы – 8. 6. 1938, Кыргызстан, Таш-Дөбө, сөөгү 1991-ж. Ата-Бейит көрүстөнүнө коюлган) – Кыргыз совет мамлекеттүүлүгүн алгачкы түптөөчүлөрдүн бири, саясий ж-а мамл. ишмер. Кыргыз АССР ЭКСтин биринчи төрагасы, КРдин Баатыры (2021, өлгөндөн кийин).[[File:АБДРАХМАНОВ 125.png | thumb | none]]
'''АБДРАХМАНОВ''' Жусуп (28. 12. 1901, Россия империясы, Түркстан крайы, Жети-Суу обл., Пржевальск уезди, Күнгөй-Ак-Суу болуштугу, Чиркей кыштоосу, азыркы Ысык-Көл р-ну, Жаркымбаев айылы – 8. 6. 1938, Кыргызстан, Таш-Дөбө, сөөгү 1991-ж. Ата-Бейит көрүстөнүнө коюлган) – Кыргыз совет мамлекеттүүлүгүн алгачкы түптөөчүлөрдүн бири, саясий ж-а мамл. ишмер. Кыргыз АССР ЭКСтин биринчи төрагасы, КРдин Баатыры (2021, өлгөндөн кийин).[[File:АБДРАХМАНОВ 125.png | thumb | none]]
1911–16-ж. Сазановка (азыркы Ананьев) айылындагы үч жылдык орус-жерг. мектебинде, Каракол ш-ндагы жогорку башталгыч окуу жайында окуган.1916-ж. Үркүндө эл м-н кошо Кытайга качып, 1917-ж. кайтып келген. 1918-ж. кызыл гвардиячылардын катарына кирип, көп өтпөй эле рота командиринин жардамчысы болгон ж-а Совет бийлигин чыңдоого жигердүү катышкан. 1919-ж. Верный (Алматы) ш-нда командирлик курста окуган. 1919-ж. РКСМ Түркстан бюросунун Президиумунун ж-а РКСМдин Жети-Суу обл. Уюштуруу бюросунун мүчөлүгүнө шайланган. 1920-ж. Москвада өткөн РКСМдин 3-съездинин делегаты болуп, анда  В. И. Ленин м-н сүйлөшүп, пикир алышкан. 1920-жылдан партиянын Алматы, Талды-Коргон уезддик - шаардык к-ттеринин жооптуу кызматтарында, 1921-ж. марттан Каракол уезддик-шаардык к-тинин жооптуу секретары, 1922–24-ж. партиянын Бишкек уезддик-шаардык к-тинин, Жети-Суу обкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, 1924-ж. марттан Түркстан АССРинин Борб. аткомунун президиумунун мүчөсү ж-а жооптуу секретары болуп шайланган. 1924-ж. Кара Кыргыз автономиялуу обл-нун партбюросунун секретары болуп бекитилген. 1925-ж. майдан РКП(б) БКнын О. Азия бюросунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, августтан Москвада РКП(б) БКнын аппаратында инструктор. 1926-ж. октябрда Кырг-нга келип, облаткомдун төрагасынын 1-орун басары, 1927-ж. марттан – 1933-ж. сентябрга чейин Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар Советинин төрагасы, ошол эле мезгилде РСФСР БАКтын, кийин Бүткүл союздук БАКтын ж-а РКП(б) БКнын О. Азия бюросунун мүчөлүгүнө кандидат болгон. 1933-ж. сентябрда «Компартияга каршы аракеттенген» деген жалаа м-н ишинен бошотулуп, партиянын катарынан чыгарылган. Андан кийин Ортоңку Волга крайынын мал чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары, 1935-жылдан Оренбург облаткомунда жер бөлүмүнүн башчысынын мал чарба б-ча орун басары болуп иштеген. 1937-ж. 10-июнда «контрреволюциячыл Алаш-Ордо уюмунун катышуучусу» деген жалаа м-н камакка алынып, 1938-ж. 5-ноябрда атылган. 1958-ж. СССР Жогорку Сотунун аскердик коллегиясынын чечими м-н толук акталган. 1989-ж. партиялуулугу калыбына келтирилген. 1918-ж. Түркстан АССРи уюшулганда кыргыз эли экиге бөлүнүп, Кырг-ндын түштүгүндөгү кыргыздар Сыр-Дарыя обл-на (өзбектердин курамына), түн. бөлүгү Жети-Суу обл-на (казактардын курамына) кошулган. Бул эки облуста тең кыргыздар этностук азчылыкты түзүп, алардын социалдык-экон. ж-а маданий мүдөөлөрү эске алынбай, бул кезде кыргыз тилинде басма сөз иши, мектеп ж. б. болгон эмес. Ушундай шартта ал            И. ''Арабаев,'' А. ''Сыдыков ''ж. б. м-н бирдикте Кыргыз тоолуу обл-н түзүү идеясы м-н чыгышкан. Бирок россиялык ж-а түркстандык айрым жетекчилердин улуу державалык-унитарчыл позициясынан ж-а кыргыз жетекчилеринин бийлик үчүн жаатташып айыгышкан күрөшүнөн улам өз алдынча облус түзүү идеясы орундалбай калган. Ошого карабай А. сыяктуу мамл. ишмерлердин өз алдынчалык үчүн тынбаган аракеттеринин натыйжасында 1924-ж. бул долбоор ишке ашып, Кара Кыргыз автономиялуу обл., 1926-ж. Кыргыз АССРи, 1936-жылдан Кыргыз ССРи болуп түзүлгөн. А. Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар Советинин төрагасы болуп иштеп турган жылдары (1927–33) Кырг-ндын эл чарбасын ж-а мад-тын өнүктүрүүдө зор салым кошкон. Мис., 1928-ж. Бишкек-Токмок темир жолун курууну (келечекте аны Балыкчыга жеткирүүнү) көздөгөн. СССР өкмөтүнүн 1928–29-ж. курулуш планына киргизүүгө жетишкен, Бишкекке эт комбинатын, Кантка кант заводун курдурууну, Чүй өрөөнүндөгү ири ирригациялык маселелерди ж. б. чечкен. Ал кыргыз тилинин маанисин көтөрүүгө, башкаруу ж-а чарбалык органдар аппаратына жерг. элден адистерди даярдоого өзгөчө камкордук көргөн. Анын жетекчилиги м-н кыргыз тилин окуп үйрөнүү ж-а аны акырындык м-н иш кагаздарына киргизүү, кыргыз тилин билген европ. адистерге жеңилдиктерди берүү программасы киргизилген. А. өкмөт башчысы ж-а Отурукташтыруу б-ча к-ттин төрагасы катары көчмөн ж-а жарым көчмөн калкты жер-жерлерде жайгашгырууда албан эмгек сиңирген. Натыйжада отурукташуу көчмөндөрдү ачкачылыктан, турмуш-тиричилик ыңгайсыздыгынан, жугуштуу ж. б. оорулардан куткарып, калктын санынын көбөйүшүнө жагымдуу шарт түзөрүн айкын билип, ал бул жагдайда зор уюштуруучулук жөндөмүн көрсөткөн. Анын 1932-ж. ачарчылык учурунда мамлекеттин «кол тийгис дан фондунун» белгилүү өлчөмүн элди ачарчылыктан сактап калуу максатында пайдаланганы кийин партиялык линияны бурмалап бузгандык катары бааланган. А. өз элинин тарыхын жигердүү илимий изилдөөчү катары респ-нын тарых илиминин өнүгүшүнүн башатында турат. Анын респ-нын тарыхы б-ча алгачкы эмгеги 1928-ж. «Кыргызстан» деген ат м-н жарык көргөн. 1916-жылдагы көтөрүлүш ж-дө чындык м-н акыйкаттын өңүтүнөн жазылган китеби, реалдуу проблемаларды чагылдырган «Күндөлүгү» белгилүү. Ысык-Көл р-нундагы айыл кеңеши (мурдагы Таштак айыл совети), Бишкек ш-нын бир көчөсү А-дун ысмы м-н аталган. Бишкектеги «кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздөөчүлөр» аллеясында анын айкели, о. эле туулган айылына ж-а Каракол ш-нда эстелик тургузулган.<br>      Ад.: ''Джунушалиев Д.'' Ж. Время созидания и трагедий 20-30-е годы XX в. Б., 2003.

Ж. Жунушалиев
Ж. Жунушалиев

11:40, 27 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

АБДРАХМАНОВ Жусуп (28. 12. 1901, Россия империясы, Түркстан крайы, Жети-Суу обл., Пржевальск уезди, Күнгөй-Ак-Суу болуштугу, Чиркей кыштоосу, азыркы Ысык-Көл р-ну, Жаркымбаев айылы – 8. 6. 1938, Кыргызстан, Таш-Дөбө, сөөгү 1991-ж. Ата-Бейит көрүстөнүнө коюлган) – Кыргыз совет мамлекеттүүлүгүн алгачкы түптөөчүлөрдүн бири, саясий ж-а мамл. ишмер. Кыргыз АССР ЭКСтин биринчи төрагасы, КРдин Баатыры (2021, өлгөндөн кийин).

АБДРАХМАНОВ 125.png

1911–16-ж. Сазановка (азыркы Ананьев) айылындагы үч жылдык орус-жерг. мектебинде, Каракол ш-ндагы жогорку башталгыч окуу жайында окуган.1916-ж. Үркүндө эл м-н кошо Кытайга качып, 1917-ж. кайтып келген. 1918-ж. кызыл гвардиячылардын катарына кирип, көп өтпөй эле рота командиринин жардамчысы болгон ж-а Совет бийлигин чыңдоого жигердүү катышкан. 1919-ж. Верный (Алматы) ш-нда командирлик курста окуган. 1919-ж. РКСМ Түркстан бюросунун Президиумунун ж-а РКСМдин Жети-Суу обл. Уюштуруу бюросунун мүчөлүгүнө шайланган. 1920-ж. Москвада өткөн РКСМдин 3-съездинин делегаты болуп, анда В. И. Ленин м-н сүйлөшүп, пикир алышкан. 1920-жылдан партиянын Алматы, Талды-Коргон уезддик - шаардык к-ттеринин жооптуу кызматтарында, 1921-ж. марттан Каракол уезддик-шаардык к-тинин жооптуу секретары, 1922–24-ж. партиянын Бишкек уезддик-шаардык к-тинин, Жети-Суу обкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, 1924-ж. марттан Түркстан АССРинин Борб. аткомунун президиумунун мүчөсү ж-а жооптуу секретары болуп шайланган. 1924-ж. Кара Кыргыз автономиялуу обл-нун партбюросунун секретары болуп бекитилген. 1925-ж. майдан РКП(б) БКнын О. Азия бюросунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, августтан Москвада РКП(б) БКнын аппаратында инструктор. 1926-ж. октябрда Кырг-нга келип, облаткомдун төрагасынын 1-орун басары, 1927-ж. марттан – 1933-ж. сентябрга чейин Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар Советинин төрагасы, ошол эле мезгилде РСФСР БАКтын, кийин Бүткүл союздук БАКтын ж-а РКП(б) БКнын О. Азия бюросунун мүчөлүгүнө кандидат болгон. 1933-ж. сентябрда «Компартияга каршы аракеттенген» деген жалаа м-н ишинен бошотулуп, партиянын катарынан чыгарылган. Андан кийин Ортоңку Волга крайынын мал чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары, 1935-жылдан Оренбург облаткомунда жер бөлүмүнүн башчысынын мал чарба б-ча орун басары болуп иштеген. 1937-ж. 10-июнда «контрреволюциячыл Алаш-Ордо уюмунун катышуучусу» деген жалаа м-н камакка алынып, 1938-ж. 5-ноябрда атылган. 1958-ж. СССР Жогорку Сотунун аскердик коллегиясынын чечими м-н толук акталган. 1989-ж. партиялуулугу калыбына келтирилген. 1918-ж. Түркстан АССРи уюшулганда кыргыз эли экиге бөлүнүп, Кырг-ндын түштүгүндөгү кыргыздар Сыр-Дарыя обл-на (өзбектердин курамына), түн. бөлүгү Жети-Суу обл-на (казактардын курамына) кошулган. Бул эки облуста тең кыргыздар этностук азчылыкты түзүп, алардын социалдык-экон. ж-а маданий мүдөөлөрү эске алынбай, бул кезде кыргыз тилинде басма сөз иши, мектеп ж. б. болгон эмес. Ушундай шартта ал И. Арабаев, А. Сыдыков ж. б. м-н бирдикте Кыргыз тоолуу обл-н түзүү идеясы м-н чыгышкан. Бирок россиялык ж-а түркстандык айрым жетекчилердин улуу державалык-унитарчыл позициясынан ж-а кыргыз жетекчилеринин бийлик үчүн жаатташып айыгышкан күрөшүнөн улам өз алдынча облус түзүү идеясы орундалбай калган. Ошого карабай А. сыяктуу мамл. ишмерлердин өз алдынчалык үчүн тынбаган аракеттеринин натыйжасында 1924-ж. бул долбоор ишке ашып, Кара Кыргыз автономиялуу обл., 1926-ж. Кыргыз АССРи, 1936-жылдан Кыргыз ССРи болуп түзүлгөн. А. Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар Советинин төрагасы болуп иштеп турган жылдары (1927–33) Кырг-ндын эл чарбасын ж-а мад-тын өнүктүрүүдө зор салым кошкон. Мис., 1928-ж. Бишкек-Токмок темир жолун курууну (келечекте аны Балыкчыга жеткирүүнү) көздөгөн. СССР өкмөтүнүн 1928–29-ж. курулуш планына киргизүүгө жетишкен, Бишкекке эт комбинатын, Кантка кант заводун курдурууну, Чүй өрөөнүндөгү ири ирригациялык маселелерди ж. б. чечкен. Ал кыргыз тилинин маанисин көтөрүүгө, башкаруу ж-а чарбалык органдар аппаратына жерг. элден адистерди даярдоого өзгөчө камкордук көргөн. Анын жетекчилиги м-н кыргыз тилин окуп үйрөнүү ж-а аны акырындык м-н иш кагаздарына киргизүү, кыргыз тилин билген европ. адистерге жеңилдиктерди берүү программасы киргизилген. А. өкмөт башчысы ж-а Отурукташтыруу б-ча к-ттин төрагасы катары көчмөн ж-а жарым көчмөн калкты жер-жерлерде жайгашгырууда албан эмгек сиңирген. Натыйжада отурукташуу көчмөндөрдү ачкачылыктан, турмуш-тиричилик ыңгайсыздыгынан, жугуштуу ж. б. оорулардан куткарып, калктын санынын көбөйүшүнө жагымдуу шарт түзөрүн айкын билип, ал бул жагдайда зор уюштуруучулук жөндөмүн көрсөткөн. Анын 1932-ж. ачарчылык учурунда мамлекеттин «кол тийгис дан фондунун» белгилүү өлчөмүн элди ачарчылыктан сактап калуу максатында пайдаланганы кийин партиялык линияны бурмалап бузгандык катары бааланган. А. өз элинин тарыхын жигердүү илимий изилдөөчү катары респ-нын тарых илиминин өнүгүшүнүн башатында турат. Анын респ-нын тарыхы б-ча алгачкы эмгеги 1928-ж. «Кыргызстан» деген ат м-н жарык көргөн. 1916-жылдагы көтөрүлүш ж-дө чындык м-н акыйкаттын өңүтүнөн жазылган китеби, реалдуу проблемаларды чагылдырган «Күндөлүгү» белгилүү. Ысык-Көл р-нундагы айыл кеңеши (мурдагы Таштак айыл совети), Бишкек ш-нын бир көчөсү А-дун ысмы м-н аталган. Бишкектеги «кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздөөчүлөр» аллеясында анын айкели, о. эле туулган айылына ж-а Каракол ш-нда эстелик тургузулган.
Ад.: Джунушалиев Д. Ж. Время созидания и трагедий 20-30-е годы XX в. Б., 2003.

Ж. Жунушалиев