Difference between revisions of "АНА-КЫЗЫЛ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (Kadyrm moved page AHA-КЫЗЫЛ to АНА-КЫЗЫЛ without leaving a redirect)
(Айырма жок)

19:24, 20 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

Ош обл-нун Өзгөн р-ндагы кыштак. Төрткүл айыл округуна караштуу. Райондун борбору Өзгөн ш-нан 17 км түн.-батыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 61 км.Деңиз деңг. 845 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1908 (2009); негизинен дыйканчылыкта ж-а мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАЛ бар. Кыштактын атынын келип чыгышы кыргыз тилинин лейлек говорунда «анна» – жар ж-а кызыл; «кызыл жардуу жер» маанисине байланыштырылат.