Difference between revisions of "«АЗАТТЫК» радиосу"
Jump to navigation
Jump to search
м (Mariya moved page «АЗАТТЫК» to «АЗАТТЫК» радиосу) |
|||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
«АЗАТТЫК» – эл аралык көз карандысыз радиостанция; «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун (Radio Free Europe/Radio Libtrty Inc) Кыргыз уктуруу кызматынын расмий аталышы. Чехиянын борбору Прагада жайгашкан. 1949-ж. мурдагы коммунисттик Чыгыш Европада жашаган калктар үчүн «Эркин Европа» радиосу түзүлгөн. 1953-жылдан тартып мурдагы СССРде жашаган элдер үчүн «А.» радиосу ачылган. Бул эки компания 1975-ж. бириккен. «Эркин Европа/Азаттык» радиосу учурда дүйнөгө 26 тилдеги берүүлөрдү уктурат. Ал АКШнын Конгресси тарабынан каржыланат. «Азаттыктын» «Түркстан редакциясынын» курамындагы кыргызча берүүлөрдү биринчи жолу ''Азамат Алтай'' (Кудайберген Кожомбердиев) даярдаган. Ал өзүнүн туңгуч берүүсүн 1953-ж. 18-мартта Германиянын Мюнхен ш-нда обого чыгарган. 1967-ж. «Түркстан редакциясы» экиге бөлүнүп, анын бирөө «Түштүк Түркстан» деп аталып, өзбек, тажик, түркмөн тилдеринде, экинчиси «Түндүк Түркстан» редакциясы болуп, ал кабарларды кыргыз, казак, уйгур тилдеринде уктурган. 1975-ж. аталган редакциялар өз-өзүнчө бөлүнүп, Кыргыз кызматын (азыркы «Азаттык») Т. Жакып уулу (1975-84), А. Алтай (1984-88), А. Өзгөн (1989-95), М. Газы (1995) ж-а амер. түрколог, доктор Чарльз Карлсон (1996-2002), кийин Н. Айып башкарып келсе, 2003-жылдын 1-январынан тарых илимд. доктору, проф. Т. Чоротегин жетектейт. «Азаттыктын» Бишкектеги бюросун Т. Чоротегин (1991-95 ж-а 1996-98), Э. Нурушев (1995), С. Жигитов (1995-96), К. Молдокасымов (1998-2005), учурда К. Оторбаев жетектейт. Мурда Кыргызстандагы бөлүмү катары КРдин Юстиция министрлигинен каттоодон өтпөй иштеп келсе, 2005-жылдын 31-мартында юрид. жактан катталган. Анын Кырг-нда кырктан ашуун кабарчысы бар. Ар күнкү беш сааттык, б.а. эртең мененки эки сааттык ж-а кечки үч сааттык берүүсүндө дүйнөдөгү ж-а Кырг-ндагы кызыктуу адабий жаңылыктарга, коомдук-саясий окуяларга арналган программалары уктурулат. О. эле Кыргыз улуттук телерадиокомпаниясы (КТР) менен түзүлгөн келишимдин негизинде 2005-жылдан «Ыңгайсыз суроолор», 2006-жылдан жаштарга арналган «Азаттык Плюс» жумалык телекөрсөтүүлөрүн тартуулайт. | |||
Мюнхен ш | |||
1967 | |||
''Т. Чоротегин, Т. Ишемкулов.'' | ''Т. Чоротегин, Т. Ишемкулов.'' |
17:32, 19 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы
«АЗАТТЫК» – эл аралык көз карандысыз радиостанция; «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун (Radio Free Europe/Radio Libtrty Inc) Кыргыз уктуруу кызматынын расмий аталышы. Чехиянын борбору Прагада жайгашкан. 1949-ж. мурдагы коммунисттик Чыгыш Европада жашаган калктар үчүн «Эркин Европа» радиосу түзүлгөн. 1953-жылдан тартып мурдагы СССРде жашаган элдер үчүн «А.» радиосу ачылган. Бул эки компания 1975-ж. бириккен. «Эркин Европа/Азаттык» радиосу учурда дүйнөгө 26 тилдеги берүүлөрдү уктурат. Ал АКШнын Конгресси тарабынан каржыланат. «Азаттыктын» «Түркстан редакциясынын» курамындагы кыргызча берүүлөрдү биринчи жолу Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) даярдаган. Ал өзүнүн туңгуч берүүсүн 1953-ж. 18-мартта Германиянын Мюнхен ш-нда обого чыгарган. 1967-ж. «Түркстан редакциясы» экиге бөлүнүп, анын бирөө «Түштүк Түркстан» деп аталып, өзбек, тажик, түркмөн тилдеринде, экинчиси «Түндүк Түркстан» редакциясы болуп, ал кабарларды кыргыз, казак, уйгур тилдеринде уктурган. 1975-ж. аталган редакциялар өз-өзүнчө бөлүнүп, Кыргыз кызматын (азыркы «Азаттык») Т. Жакып уулу (1975-84), А. Алтай (1984-88), А. Өзгөн (1989-95), М. Газы (1995) ж-а амер. түрколог, доктор Чарльз Карлсон (1996-2002), кийин Н. Айып башкарып келсе, 2003-жылдын 1-январынан тарых илимд. доктору, проф. Т. Чоротегин жетектейт. «Азаттыктын» Бишкектеги бюросун Т. Чоротегин (1991-95 ж-а 1996-98), Э. Нурушев (1995), С. Жигитов (1995-96), К. Молдокасымов (1998-2005), учурда К. Оторбаев жетектейт. Мурда Кыргызстандагы бөлүмү катары КРдин Юстиция министрлигинен каттоодон өтпөй иштеп келсе, 2005-жылдын 31-мартында юрид. жактан катталган. Анын Кырг-нда кырктан ашуун кабарчысы бар. Ар күнкү беш сааттык, б.а. эртең мененки эки сааттык ж-а кечки үч сааттык берүүсүндө дүйнөдөгү ж-а Кырг-ндагы кызыктуу адабий жаңылыктарга, коомдук-саясий окуяларга арналган программалары уктурулат. О. эле Кыргыз улуттук телерадиокомпаниясы (КТР) менен түзүлгөн келишимдин негизинде 2005-жылдан «Ыңгайсыз суроолор», 2006-жылдан жаштарга арналган «Азаттык Плюс» жумалык телекөрсөтүүлөрүн тартуулайт. Т. Чоротегин, Т. Ишемкулов.