Difference between revisions of "АГАЛА-ТАШ АКИТАШ КЕНИ"
v1e2_72-116>Kadyrm |
м (1 revision imported) |
(Айырма жок)
|
11:28, 17 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы
Кант ш-нан 18‒20 км түн. тарапта, Чүй суусунун оӊ жээгинде, Кындык тоосунун түш. капталында, деӊиз деӊг. 700‒970 м бийиктикте. 1932-ж. геол. чалгын
доо партиясы тарабынан ачылган. 1956‒82-ж. Кыргыз ССРнин геология башкармасы ж-а Курулуш материалдарын өндүрүүчү министрлиги чалгындоо иштерин жүргүзгөн. Кен аймагында ордовик мезгилинин аягында пайда болгон акиташ, кумдук ж-а сланец тоотек катмарлары көрүнүп жатат. Акиташ массивдүү ж-а одоно катмарлуу болуп бөлүнөт. Акиташ тегинин жалпы көлөмүнүн 70%ин массивдүү түрү түзүп, цементтик сырь¸го жарамдуу. Анын калыӊдыгы 100 мге жетет. Массивдүү акиташ 30% мергель м-н кошо «500» ж-а «600» маркасындагы портланд-цементти алуу үчүн колдонулат. Акиташтын «Түштүк кыр» б-ча запасы А+В категориясы б-ча 35781 миӊ т, А+В+С1‒117326 миӊ т, С2‒2934 миӊ т. Цементтин чопо кошумчасы ‒ чополуу сланец. Кен 1964-жылдан жер үстүнөн ачык казып алынып, анын базасында Кант шифер-цемент з-ду иштейт.