Difference between revisions of "АБДЫРАХМАНОВ Ыбырайым"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
9-71>KadyrM
(Айырма жок)

16:30, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

 Ыбырайым (1888, Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Чырак айылы - 12. 4.1967, Нарын обл., Ат-Башы р-ну, азыркы Казыбек айылы) - манастаануучу, фольклор жыйноочу ж-а изилдөөчү. «Манас» эпосунан тартып, кыргыз элинин тарыхый-маданий мурастарын мыкты билген. 7 жашында айылдагы молдолордон окуп, сабатсыздыгын жойгон. 12 жашында Караколдогу «Жаңы тартип» кирип, аны 1905-ж. бүтүргөн. Улуу Октябрь рев-ясынан кийин билимин өркүндөтүү максатында Алматыда, Фрунзеде ачылган мугалимдик курстарда окуган.Фрунзе пед. ин-тунун 2 
АБДЫРАХМАНОВ49.png

жылдык ад-т ф-тин бүткөн (1939). 1935-60-ж. Тил ж-а адабият ил.-из. ин-тунда ил. кызмат кер болуп иштеген. СССР ЖСнун мүчөлүгүнө алынган. Анын элдик мурасты жыйноого белсенип киришүүсү (1922-26) улуу манасчы Сагым бай Орозбак уулунун өз оозунан «Манас» эпосун кагаз бетине түшүрүү м-н башталган. Тоң болушунда уюштурулган «Каракыргыз эл адабиятын жыйноо ийриминин» жетекчиси Каюм Мифтаков ж-а ал ийримдин мүчөсү Сапарбай Сооронбай уулу экөө Нарын уездине - Теңиртоого командировкага барышат. Ал жерден аларга А. м-н Чаки Каптагай уулу кошулат. Ал кезде элдик оозеки чыгарманы кагаз бетине түшүрүп жыйнап алуу иши өтө ыңгайсыз татаал шартта өткөн. А. ж-дө К. Мифтаков минтип жазат: «...тизеге жаздык алып, үстүнө батнос коюп жаза баштадым. Бир нече бет жазгандан кийин калемсапты, жаздык, батносту Ыбырайга берип, өзүм Ыбырайдын бир нече бет жазганын карал отурдум. Анын каллиграфиясы мага абдан жакты». Манасчы Сагымбай м-н Ыбырай Кочкор, Ат-Башыда көчүп-конуп жүрүп, төрт жылдын ичинде «Манастын» көлөмдүү биринчи бөлүмүн жазып бүтүрүшкөн. А. «Манасты» жазып алууну аягына чыгарган. С. Каралаевден «Манас», «Семетей», «Сейтек» бөлүктөрүнүн айрым эпизоддорун, «Төштүк» кенже эпосун кагазга түшүргөн, айтуучу, жомокчу, акындардын өмүр баянын, алар ж-дөгү эл оозунда айтылган легенда, уламыштарды да жыйнаган. «Манас сериялары» деген ат м-н Сагымбай Орозбак уулу нун вариантынан «Манастын балалык чагы» (1940), «Алооке хан», «Макел дөө» (1941), «Биринчи казат» (1944), манасчы С. Каралаевден «Каныкейдин жомогу», А. Рысмендеевден «Ур генч» (1941), Тоголок Молдодон «Семетейдин Букарадан Таласка келиши» (1941) деген эпизоддорду басмага даярдаган. Ошону м-н бирге үчилтиктин үч бөлүмү б-ча вариантын түзүп, өз колу м-н жазып, Кыргыз ССР ИАнын Кол жазмалар фондуна тапшырган. Медалдар м-н сыйланган.
Ац.: Мамыров М. Жомокчу, жыйноочу, фолькло рист. Ала-Тоо, 1967, № 11; Мусаев С. Сагымбай манасчы жана анын варианты. «Манас». 1-китеп, Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча. Ф., 1978. Р. Сарыпбеков.